Учактарды “учуруп” жиберген Бектурганов кайра “кондурабы” эми?

«Эйр Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Жолдош Бектургановдун мыйзамсыз иштери боюнча бир топтон бери маселе көтөрүлүп келе жатат. Эл арасында гана эмес, Жогорку Кеңештин трибунасынан депутат Тазабек Икрамов дагы көп жолу көтөрдү. Бирок, тиреген тирөөчү күчтүү окшобойбу Бектурганов «дың» деп койбоду. Ал ортодо дагы бир депутат айым Гулшат Асылбашева Бектургановдун «косяктарын» бетине коюп чыкты. Көрсө Жолдошбек мырза авиакомпаниянын карамагында болгон 5 учакты эбак эле «учуруп» ийиптир, белгисиз жактарга. Ал эми компанияда азыр бир да учак калбаптыр.

Бектурганов дегениңердин жүрөгү тоодой окшойт эй, самолет соодалап, килтейген учактарды “ап” этип койгонуна караганда. Алар канча миллион доллардан турат болду экен ээ? Бул эле дейсизби, депутат айым Асылбашева «Компанияны банкроттук абалга кептеген жетекчинин үстүнөн далай жолу арыздануу болгон. Бирок, кызматынан кетирилген жок. Кызматкерлердин көпчүлүгүн эмгек эргүүсүнө чыгарганы менен Бектурганов өзү маяна алууну улатууда», – деп «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Жолдош Бектургановдун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу зарылдыгын Жогорку Кеңештин жыйынында белгиледи. Эгер айтылгандар чын болсо тиешелүү тармактар Бектургановдун мыйзам жүзүндө жоопкерчилигин карашы керек. Муну коомчулук да талап кылат. Качанкыга чейин килейген компаниялар бир жегичтин курсагына куюла бериши керек?

Булак: De-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу