Урмат менен Анжелика ажырашат. Себеби эмне?

Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен акыркы учурда чуулгандуу окуялар коштоп жүргөн Анжелика Бекболиева жолдошу Урмат Бекболиев менен сот аркылуу эки ажырым жолго түшмөй болушуптур. Сотко арызды Анжелика жазгандыгы да маалым болду. Бул эки бактылуу түгөйлөр 2017-жылы 10 жылдык юбилейлерин өткөрүшкөндө, коомчулук Урматтын Анжеликага болгон сүйүүсүнүн дагы бир ирээт болгон далили катары кабыл алышкан эле. Эми  болсо мындай көрүнүшкө эмне дээрибизди да билбейбиз.

Соттук процесс 20-декабрда эле башталган экен. Демек, акыркы күндөрдөгү окуялар буга себеп болбосо керек. Жооп берүүчү тарап келбей калгандыгына байланыштуу сот иши 29-январга жылдырылыптыр.

Анжелика болсо инста баракчасына: «Ызылдашпай тургула! Кайдан шамал келгенин, ким баштаганын жакында билесиздер. маалымат жетиштүү. Жыйынтык чыгарбай тургула. Акылы жокко теңелип-келесоо болбой эле коеюн!!!»,- деп билдирүү калтырган.

Чындыгында азырынча бир сөз айтуу кыйын. Жакынкы арада болуп жаткан окуялардын баардыгына, Анжелика келип чекит койсо керек. Күтө туралы.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу