УРМАТ Борченов: «Ким болом?» деген суроого алигиче чейин жооп таба элекмин»

Бул жигиттин үнүн сиз күнүнө бир нече жолу угасыз. Ал үн коштоочу, тамада, алып баруучу. Кеп Урмат Борченов жөнүндө экенин боолголодуңузбу? Учурда чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп жаткан мырзаны маекке чакырып, азыркы жана кечээки күндөрү тууралуу уктук.

 

– Урмат, сиздин үнүңүз Кыргызстандагы номер биринчи үн болуп эсептелинет экен. Үн менен иштөөгө кантип аралашып калгансыз?

– 19 жашымдан баштап радиолордо иштеп анонс, роликтерди окуп жүрчүмүн. Кадр сыртында иштөө өзүмө да ыңгайлуураак болчу. Бир жолу адаттагыдай эле “Мегаком” компаниясынын ролигинде үн коштойт экенмин десем, “үнүңдү эле эмес, өзүңдү кошо тартабыз” деп калышты. Келбетим жарнамага тартылгыдай деле эмес го, ошондон улам мен даяр эмес болчумун. Бирок мени көндүрүшүп, биринчи жолу аталган компаниянын видеоролигине тартышты. Ошондон кийин көптөгөн сунуштар түшүп, өзүмдө да ишеним пайда болгон.

– Үнүңүздүн оригиналдуулугун жоготпоо үчүн атайын кам көрөсүзбү?

– Менимче ар бир адамдын үнү өзүнчө уникалдуу, кызыктуу. Болгону тарбиялоого бир аз убакыт талап кылынат. Бул жагынан менин жолум болду десем болот. Себеби үнүмдү тарбиялоого атайын убакыт сарптаган жокмун. Мектепте окуп жүргөн кезде эле үнүмдү бийик чыгарып көп окуп, көркөм окуу боюнча сынактарга катышып жүрүп билинбей эле даяр болуп калыптырмын. Ал эми көпчүлүк жарнамаларда үнүмдүн жаңыруусу анын мыктылыгынан эмес, атаандаштыктын жоктугунан. Жөнөкөй такси кызматкери деле меникинен өткөн жагымдуу, коңур үндүү болушу мүмкүн, бирок ал үнүнүн баркын же кайда кайрыларын билбейт. Кам көрүү боюнча айтсам, айрымдарга окшоп жумуртка ичпейм, муздак суусундук ичип, балмуздак жей берем. Бирок ушул аркылуу нан таап жаткандан кийин кам көрүүм керектигин билем.

– Бизде үн менен эле оокат кылууга болобу?

– Үн коштоо менен тапкан акчам өзүмдүн эле жанымды багууга жетет. Үн материалдык байлык чогултуучу булак болуп бере албайт. Мисалы, ар бир ролик үчүн багытына жараша миңден үч миң сомго чейин төлөнөт. Анын үстүнө мен азыр коомдук телерадио компаниясынын үнү болгондугум үчүн башка телеканалдарда үн коштоомо тыюу салынган. Ага жараша айлык маяна алып иштейм.

– Тамадалык кызматты аркалооңузга да үнүңүз шык бердиби?

– Окуучу кезимде иш-чараларды алып барып жүргөнгөбү, тамадалык кесип мага жакын жана кызык болчу. Ана баштайм, мына баштайм деп отуруп жогорку окуу жайын бүткөндө араң кириштим. Азыр кесиптештеримден 5-6 жылга арттамын. Тамадалыктын жаккан жери, өзүңдүн кантип алып барганыңды элдин көз-караш, эмоциясынан билесиң. Мага жаккан иштин акчасы да жакшы экендигин иштегенден кийин билдим. Бирок мен үчүн акчасынан да, адамдардын ыраазычылыгы маанилүүрөөк.

– Башка тамадалардан айырмачылыгыңыз эмнеде?

– Азыр тамадалык негизги кесибим, акча табуу булагым. Ошондуктан буга көп көңүл бурам. Менин фишкаларым — ар үч ай сайын жаңыланып турган сынактар, автордук, эксклюзивдүү оюндар. Эгерде программа жаңырбай катары менен үч той болуп калса, үчүнчүсүндө аксап калганым кадимкидей байкалат. Жан дүйнө, эмоционалдык жактан берилгениңди тойдогу коноктор сезет. Бул нерселер тойдун кандай деңгээлде өтүүсүнө таасир этет.

– Тойдун баары окшошпу же эсте каларлык өзгөчөсү болобу?

– Менин эсимде калга-
ны – ­бир ирет эки жашсыз үйлөнүү тою болгон. Тойдун себепкерлери менен интернет аркылуу видео байланышка чыкканбыз.

– Канча тилде алып бара аласыз?

– Көбүнчө кыргыз жана орус тилдериндеги чакырууларды алам. Манас университетинде окугандыгымдын пайдасы тийип түрк жана англис тилдеринде да алып барып жүрөм.

– Кесибиңиз боюнча дипломат экениңизден кабарым бар. Сурайын дегеним, алдыда кесибиңизге көңүл бурасызбы же чыгармачылык менен эле кетесизби?

– Мен дипломат эле эмес, туризм академиясын да аяктап, эки дипломдун ээсимин. Бирине көңүлүм жок эптеп-септеп эле барып бүтүрсөм, экинчисине баш-отум менен кирип кете алган жокмун. Ким болом жана ким менен болом деген чоң суроо да. Ким болуу дегенге азыркыга чейин жооп таба элекмин. Жок дегенде 20 жыл чыгармачылык менен алпурушайын деген планым бар. Чыгармачылык адам салют сымал атылып, ар кандай өңдөргө кубулуп, жаңы шоулор менен дайыма жанып туруусу керек. Кайсы бир убакта меники да бүтөт. Ошондо гана кесибим менен олуттуу иштейм.

– Бир кезде сизди тамашоудон да көрүп калдык эле?

– 11-класста окуп жүргөндө КВНдерге барып, уюштуруп жүрчүмүн. Университетте да курама команда түзүп ойнодук. Бирок ал командабыз бат эле чачырап кетти. Ошол кезде Тамашоу жаңы башталып жаткан эле. Анда КВНге тажрыйбам анча жок болгону менен каалоом күч эле. Тамашоудогу курама командалар жылдыз болуп ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып жүргөндө, мен да алардын арасында жүрсөм деп кыялданчумун. Кийин Позитив командасынын жигиттери менен бир иш-чарада жолугуп калып, алардын командасы менен чыгууну сунушташкан. Бирок ал жакта бир жарым жылдай эле ойнодум. Ошондуктан, «Тамашоудон» чыктым дей албайм.

– Эми сөздү жеке жашоого бурсак, жүрөгүңүздү багындырган айым барбы?

– Жеке жашоомдо тынчтык өкүм сүрүүдө. Жашым 28ге чыкса да көңүлүмө жаккан кызды таба элекмин. Апам: “качан колумду узартасың» дегенинен инимди үйлөнтүп, убакытты дагы эки жылга узарттырып алгам.

– Көңүлүңүзгө кандай кыз төп келет?

– Кыздардын баары эле мээримдүү болот да. Анан да чынчыл, ачык-айрым, жоопкерчиликтүү, ийкемдүү, эстүү сапаттары бар кыздарды баайлайм. Көбү жубайынын үйдө отуруусун каалашат. Азыр эркектерге караганда аялдар күчтүү, көп иштешет, материалдык байлыгы бар, бизнес башкарышат. Менин оюмча мындай потенциалы күчтүү адамдарды чектебей, тескерисинче колдообуз керек.

– Кандай үй-бүлөнүн уулусуз?

– Мен эркин үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энемдин түшүнүгү терең, ийкемдүү адамдар. Балдарына эч кандай чектөөлөрдү койбойт. Үй-бүлөнү жалгыз эле эркек башкарыш керек эмес, аялдын да укуктары корголуп, ою эске алынат. Мен үч эркектин улуусумун, кыз жок. Ошого байланыштуу үй жумуштарын кылууга апама дайыма жардам берчүмүн. “Апамдын кызы менмин” деп тамашалап калам. Кийин деле келинчегиме каралашам.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу