Жолдошум менен эки жарым жыл сүйлөшүп журуп турмушка чыктым. Жакшы жерге бардым. Жолдошум жалгыз уул эле. Кайната болсо экинчи үй-булөсу менен жашайт. Ал адам жолдошум сегиз жашында кетип калыптыр. Кайненем жакшы жерде бухгалтер болуп иштеп, үй-жайын алып, ичине оокатты киргизип алган экен. Ата-энем менен тойдо таанышты. ошол кундөн тартып мага болгон мамилеси сууп, жолдошум жокто «мен өзүмө тен келген байдын кызын алып бермекмин. Сен бизге тең эмессиң, кембагалдын кызын алып бермек эмесмин»-деп жаман сөздөрдү айта берчү. Жолдошум келгенде ыйлап бөлмөсүнөн чыкпай калат да «аялындын тили узун экен айтпаганды айтып жан дүйнөмду оорутуп жатат»-деп кууланып туруп алды. Бир жылдан кийин төрөп үйгө чыккан күнү төркунүмө тыңып кел деп кетирип ошол бойдон алып кетишкен жок. Апам болсо жибербей койгон. Көрсө мени жеткирип барганда кайненем экинчи кызың менин босогомду аттабасын деген экен. Атамдын колунда жок деп кайненем уулунун бактысын талкалады. Азыр уулум бешке чыкты, бир да жолу кабарын билип коюуга жарашкан жок.