Ойнойм деп оору жугуп аялым менен наристемден  айрылдым

Ойнойм деп оору жугуп аялым менен наристемден айрылдым

04-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Ар ким өзүнчө жооп берет, бирөө ден-соолук десе, бирөө бала жыты,б ирөө байлык десе, бирөө ата-эне дээр чыгар. А бирөө боштондук дээр чыгар.
А мен кайсы бирөөсүн тандаарымды билбейм…

Эл катары эле он биринчи классты бүтүп, Россияга ишке жөнөп калдым. Ата-энем, айрыкча энем кыйылып жөнөткүсү келген жок. Мен эркекминда ата-энемди багышым керек, үйдү оңдошум керек. Анан коңшунун баласы жакшы иштеп келип, үйлөнүп, чооң той бербедиби. Айылдан башка эч жака чыкпаган жигит экеним эки бетимдеги кызыл айтып турду.
Москвага кыйналып кысталып дегендей жетип алдым. Мен кинолордон көргөн бийик имараттар, кызыл-тазыл жарнама, көз жоосун алган кыска кийимчен кыздар… Тааныштар аркылуу машина заводго ишке кирип калдым. Орус тилинен кыйналам, сөздөрүнө түшүнбөйм. Башым ийкеп, “Да, да”деп коем. Орустар чогулуп “Перекур” деген бир жерге чыгышып тамеки тартышат. Мен да чыгам, орус кишилердин каткырып күлгөндөрү мени маскарлап күлгөндөй. Өзүмдү экинчи сорт адам катары сезип калдым. Бара-бара орусча түшүнүп, чылым чеккенди үйрөнүп алдым. Себеби иш оор болчу. Жүз грамм сунган арагын ичип койуп жүрдүм. Эптеп элден бөлүнбөйүн деп, жакшы көрүнөйүн деп, бир нерсеге жумшаса жок дебей чуркап иш кылам. Заводдун жатаканасында жашап калдым. Ар кимдин ордуна чыгып жүрүп 40 миңге жакын айлык алып, үйгө салдым.
Мен тынымы жок иштеп бир жыл дегенде үйгө кайтам деген ойлор болчу. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш бузат деген чын тура. Дагы бир жылга келишимди узартып Москвада калып калдым. Эми мен орусчаны билген, акчага көпкөн, өзүмө ашыкча ишенген жигит болуп чыга келдим. Ошондой күндөрдүн биринде заводдо 8-март майрамы келип, дискотека уюштурушту. Заводдо жалаң эле жашы өткөн башка улуттун аялдары иштешет эле. Мен баргым келбей бирок бардым. Ата-бабам көрбөгөн арактан жута ичип мен да бийлеп аттым. Жаш чагым кыз жандап жүрөөр убакта аттиң арман, минтип орустун кемпирлери менен жөөлөшүп, кучакташып жыргап жүрдүм. Татар келин Ира жашыраак, сулуурак көрүндү көзүмө. Азырган шайтан экенин билбептирмин.
Мындай жашоонун майрамдары көп болду. Ира өзү сөйкөнүп жаныман чыкпайт. Арак ичип жүрүп орустардан айырмам калбады. Сөгүнөм, ичем, чегем, иштен качып, бөлүм багчыларына жаман көрүнүп алдым. Иранын батирине көчүп чыгып кеттим. Жеген тамагыман бери карап, кийимимди жууп, өз баласындай жакшы карайт мени. Бирок көчөдө жетелеп жүргөндөн намыс кылдым. Ира арак сунуп, закускасына оозуман өөп койсо кускум келет. Бул жашоого көнө баштадым. Үйдөгүлөргө акча салбай калдым. Бир күнү телефонум чыңгырап Ира алып, “это кто алло, вам кого надо, не звоните больше сюда», деп атыптыр. Соолуга түшүп телефонду колунан жулуп алсам, байкуш апам:
– – -Балам, балам алло, Камил алло…
– – – Апа оооу апа, мен угуп атам
– – – Балам чалбай койдуңго, барсынбы, айылга кел атаң ооруп, өйдө боло албай калды. Качан келесиң? Балам Камил, чырагым угуп атасыңбы…?
Мен жооп бере албадым, ыйлап жаттым. Жөн эле шолоктоп ыйлап жаттым. Иштен чыгып, эсеп акчамды алып Кыргызстанга авиабилет алып, жөнөдүм. Арак сасыган денем, көзүмдүн кызарганы кетип, адамга окшоп калдым. Ира такыр мени түшүнбөдү, кетиргиси келбей, бир нерсе айталбай буйдалактайт. Кыргызстанга жетип, айылга сапар алдым. Атам оорубай жакшы болуп калсын деп тиленип келе жаттым. Айылды сагынган экем, айылым көзүмө башкача сонун көрүнөт. Үйгө жетип келдим. Апам чыгып алдымдан тосуп алды.
—Айланайын кулунум,барсыңбы… Келдиңби, сага садага болойунум, бойлоруң узарып, чооң жигит болуп калыпсынң.
–Апам менин алтын апам…Атам кандай, жакшыбы?
Бетинен өөп,кучактадым. Үйгө кирсем атам төшөктө жатыптыр, карый түшүптүр. Ооруп турган атама жанымжы берет элем, бирок…Арак ичким келип, башым ооруйт. Арыктап табитим эч текеге тартпайт. Окшош күндөр өтүп Москвага кетким келди.
– – -Уулум жалгызым, апаң тиричилик кылам,мени карайм деп чарчадыго, Серикбайдын кызы онду бүтүп атыптыр, ошону келин кылып алайлы. Жакшы кыз дешет…
– – – Макул ата, өзү менен бир сүйлөшүп көрөйүн.
Серикбайдын кызы Жамалды мектептен чыгаар маалда күтүп алдым. Жамалдын көздөрү мөлтүрөгөн, бала кыял, кыргыздын сулуу кызы экен. Мага өтө жакты. Жоготконуму тапкандай, сүйүнүп калдым. Бирок ал күнү сүйлөшө албадым. Жамалым ак маралдай созулган кыз экен. Сулуулугу делебемди козгоду. Москвадагы тамеки жыттанган Ира менен салыштырып болбойт. Дагы мектептин алдында күтүп турсам, бир топ кыздар менен чыгып калды.
— Чоң кыз, сулуу кыз токтосоңуз..
—Мени токтотуп эмне кыласыз…
—Үйүңүзгө узатсам кандай дейсиз?
— Рахмат агаларым кейип жүрбөсүн.
– – – Кеч үйүңүзгө барсам чыгасызбы?
– – – Мен чыга албайм, мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырып, анан келсеңиз чыгам, ошондо да ойлонуп көрөм..
– – – Ой сулуу ага чейин агаңдын жүрөгү жарылып кетсе эмне кыласың?
– -Кыз деп жарылып кетчү жүрөктүн сизге не кереги бар ???
– – – Сиздей сулуудан жүрөк айлансын. Атыңызды айтып койсоңуз, ошого эле байып жатып калайын.
– – Атым Жамал .. деп үйүнө кирип кетти.
Жүрөгүм элеп-желеп такси кармап, борборго жөнөдүм. Кучагым толо кызыл розаларды, жумшак оюнчук жүрөк, анан алтын шакек алдым. Кеч кирип кетип. Үйүмө келдим.
— Апа ошол кыз мага жакты, үйлөнөм эртең алып качып келем.
– – – Кой балам каадасын кылып, алдынан өтүп келебиз.
– – – Апа кыз шаарга окууга кетет экен. Акыркы экзамен күнү алып качпасам, куру калам. Анан деле каадасын кыласыз. Эртең кеч алып келебиз, жолугуңузду даярдаңыз..
Таң атпай Жамалдын үйүнүн алдында гүл көтөрүп турдум. Гүлүмдү алып күлүп койду. Кеч мектепке келсем Жамалым кетип калыптыр. Дарбазасынын кычыгынан карасам,короодо жүрүптүр. Алып барган жүрөкчөнү дарбазадан ашыра ыргыттым. Мен экенимди билип оюнчук жүрөгүмдү алып, үйүнө алып кирип кетти. Артынан нике шакек салынган кутучамды дарбазадан ыргыттым. Кутучам кайра учуп келип так гана башыма тийдиго. Ышкырсам да, жалынсам да үйүнөн чыгара албай койдум. Досторум машина жалдашып, үйдөгүлөр боорсок жасашып тойго дайынданып жатышты.
Кантип ала качабыз… Байоо сезим жаш кызды алдай албаганыма жиним келди. Достор куйган арак мени жолборстой аркыратып, аюнукундай күч берди го. Жамалдын үйүнүн ичине кирип кыздын колун толгоп, машинага салып качтым. Машинадан түшпөйм деп ыйлаганын эчким укпады. Эки сааттын ичинде туугандары ызуу-чуу, милиция менен келишти. Жашы 18ге чыга элек кызды алып качтың деген жалаа менен милицияда 10 күнгө жакын жаттым. Бирок Жамалым жазган арызын алып, мени түрмөдөн бошотуп алды.
Ак жолугун салынып менин периштем үй жумушун кылып чуркап жүрдү. Эх, бакыт мени таштап кетпечи… Көп өтпөй эле боюнда болду. Бактыма бакыт кошулуп, бул жашоонун кереметине ыраазы болуп келем. Жамалдын айтканын кылып, чуркап жүрдүм. Баары жакшы, баары ойдогудай. Бирок боюнда болуп, врачка учетко турбады, себеби жашы толо элек болчу.
Жамалдын башы айланып, кан басымы түшүп кетти. Бүбүбакшы кылып окутуп жүрдүк. Кускусу келип, тамак жебей таксикозу оор өттү.
Тогузунчу айдын аягында он сегиз жашка чыкмак менин Жамалым. Тогузунчу айдын башында эле толгоосу күчөп түнү менен төрөт үйүнө алып келдим. Бирок бизге түшүнүксүз себептер менен бизди борбордук төрөт үйүнө жөнөтүштү. Жолдомобуз менен эки сааттын ичинде аялымды кабыл алышты. Тиешелүү анализдерин алып, палатага аялымды жаткызышты. Бото көздү, бажырайган Жамалым бир заматта өңү бозоруп, көздөрү кызарып, акыбалы өзгөрө түштү. Кеч кирип кетчү убакыт келип, Жамалымды кыялбай, кете албай турдум… Эртеси төрөт үйүнүн башкы врачы мага таң атпай телефон чалыптыр.
– – – Ало сиз Жамалдын жолдошу болосузбу ?
– – – Ооба, мен…мен…
– – -Тез төрөт үйүнө келиңиз, Жамал жакшы бирок балаңыз кыйналып калды. Операция кылыш керек…Анан аялыңыздын кандан анализи өтө начар чыкты…-деп телефонун өчүрүп койду.
Мен кантип келгенимди билбейм. Жамалды бөлөк палатага которуп коюшуптур. Жүрөгүм жамандыкты сезип турду. Мен кол койгон кагазды алып кесерво сечение деген операциясын кылганы врачтар чогулуп кирип кетишти. Убакыт өтпөй, араң эки саатта чыгышты. Башкы врач өзү жүгүрүп жүрдү. Менин жаныма келип:
– – -Жүрүңүз менин канама жүрүңүз, Уулду болдуңуз, бирок жаман кабарым бар, айтыңызчы аялыңыз же сиз өзүңүз бөлөк бирөөнүн канын куйдурган белеңер?
– – – Жоок, кайдан биз экөөбүз тең өмүрүбүздө ооруканага жаткан эмеспиз.
– – – Жамалдын акыбалы оор, уулуңүзда көп болсо алты ай жашайт. Буга себеп эне баланын канынан табылган СИФИЛИЗ жана ГОНОРЕЯ инфексиясы. Сиз дагы каныңыздан Сифилизге анализ тапшырып келиңиз…
Эки саатта чыгарып берчү жерлер бар. Сизге бөлө турган убакытым бүттү, сизди күтөм…
Бул сөздөрдү мен биринчи жолу угушум. Менин акылыма сыйбаган сөздөрдү кайра-кайра кайталап бараттым. Башым маң болуп, эмне кылышымды билбедим. Эжеме телефон чалып араң түшүндүрдүм. Жездем экөө келип мени, сооротмуш болуп, мени менен кошо жүгүрүп жүрүштү. Мени “Сифилис жугуштуу жыныстык жактан жуккан оорунун алып жүрүшү” экенсиң деген диагноз кагазын берип, кайра төрөт үйүнө жөнөтүштү. Ирадан бир букет оору жуктуруп аялыма, балама жуктуруптурмун. Операциядан чыккан Жамал баласын сурап жатты. А уулумдун акыбалы оор эле. Бүт денесин майда жара баскан, жаңы ооруганын токтобой ыйлаган, дене табы 41 градустан түшпөй атты.
Баланын баштарынын кан тамырларына асма укол сайып койушуптур. Эмчек эмем деп издеген балама уйку дары берип, уктатып атышты. Бир балама чуркап, бир аялыма чуркап мен табаар айла калбады.
Жамал сөөгүм сыздатып оорутуп атат, бутумду көтөрө албай жатам дегенинен врачка көрсөттүм. Үч күндүн ичинде аялымдын оорусун “Сепсизге” өтүп кетиптир. Сепсиз-кандын толук бузүлушу экен. Жамалдын Эки бутун тең жараксыз деп кесип салышты. Ириңдеген жаралар ооздун, көздүн айланасын бүт басып калганына карабай, аккан сүтүн саап балама деп сактап чөйчөккө куйуп аткан.
– – – Мен өлүп калсам балама сүтүмү бериңиз, мени эстеп уулуңузду жакшы өстүрүңүз ..
Мен керебетке жөлөнүп, ыйлап жаттым.
– – – Ооо Кудай, менин көзүмдү көр кылып жаратсаң кана…Мени жазала, мени кусур урду…
Мен кылган күнөөмө, мен кылган зынаа ишиме, неге күнөөсүз балам, неге он сегизге толо элек аялым жооп берет…Бар болгонуң чын болсо, экөөнү кыйнабай эле алып кет…
Баламдын жонун аркасындагы жара сакайчуудай эмес. Бирок жан далбасын кылып кыйкырып жаткан уулум бул ааламга таарынычын айтып жатты. Жамал өтө оор акыбалда, сепсиз бүт денесине тараптыр. Эки күндө көз жумат деди.
—Акыркы өтүнүчүм, баламды көргөзүп койчу…
Мен баламды көтөрүп чыгып колуна карматтым. Жамалым Баламдын үнүн угуп, жытын жыттап, жылмайып бул дүйнө менен кош айтышып кете берди… Үч айда балам да оо дүйнөгө узады. Мен өзүм өлсөм арманым жок эле. Апамды кыйбай аттым. Күндө өлөм деп шайланып чыгып, кайра сабалган иттей үйгө келем. Тапкан маалымды сатып, борборго келип, “Жугуштуу оорулар” деген кагаздарды чыгарттым. Ушундай жарнама кагаздарын чыгарып, шаар аралап таркатып жүрдүм. Айылдарга таркатып, айрыкча эркек балдарга аялымдын, баламдын сүрөтүн көргөзүп, түшүндүрүп жүрдүм. Себеби, Кыргызстанда каражаттын жоктугуна байланыштуу үгүттөө иштери эч жүрбөйт экен. Түшүнүк деген жок экен. Бардык тараптан артта калган мамлекет экенбиз. Мен эмес, менин ата-энем уккан эмес бул ооруларды. Анан мен кимден кантип жугуштүу оорулар жөнүндө түшүнүк алам? Болгону ата-энемдин сөзүн угушум керек эле. “Түүз жүр. Жөн жүр. Тынч жүр. Зынаа кылба, ушак айтпа, бирөөнүкүн уурдаба. Ар нерсенин убалы бар”,-деген сөздөргө такыр маани бербептирмин.
Эми мен өлүк адаммын. Күнүм бүткөн күнү, туура тозокко барам. Өмүрүм өткөнчө дубана болуп канча жашасамда, өмүрүм баарын Россияга кетчү вокзалдарда, аэропорттордо, мектептерде барак таркатып жүрүп өлөм. Менин жашым азыр 21де. Мен билген, уккан эмесмин. Менден улуу муундар деле бир ооз айтып койсо, кусур урган Ирадан алыс жүрбөйт белем. Мен атайылаган жокмун, мен билбей калдым. Бирок, бир суроомо жооп бериңизчи окурман…Кан аралаш сүт эмген баламдын убалы бар да, ошол убал кимге тиет???Ким жооп берет…Ким…