Урмат Акунов: “Алмазбек Атамбаев Аксыда курман болгондорго эмес өзүнө саясый Куран окутту…”

—Урмат мырза, саясый курмандыктын уулу катары айтсаңыз, Аксы окуясын эскерүү кандай өттү?

—Мурдагы президент буга чейин элдерге берген убадасын эки жолу Өкмөт башчы, бир жолу президент болгондо дагы бир дагы убадасын аткарып элдин кызыкчылыгын көздөй алган эмес. Кыргызда сөз бар: «эркектин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деген. Аксы окуясында курман болгондорго жана атам Бектемир Акуновдун өлүмүн 2010-жылы революция болгонго чейин лозунг катары колдонушуп, булардын үй-бүлөөлөрүн жана бизди бетке кармап мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы пайдаланып келишкен. Бийликти кулатып, арам ойлойру ишке ашып, бийликке келгенде Аксы окуясына жана атам Бектемир Акуновду ооздоруна алгысы келбей ага чейин убада кылып келген убадаларынан тайып бизди адам катары көргөн эмес. Көрсө, буларга адамдын өлүму саясый куралга айланып, баарына бийликти жогору коюп, жеке кызыкчылыгын биринчи орунда экенин кийин түшүндүм. 87 бала окко учуп шейит кетип, канчалаган адамдар октон жаракат алса дагы ошолорду сыйлабастан кан менен өлүм артынан бийликке келгенин эсинен чыгарып, үй-бүлөлүк, жеке байлык, жер сатуу менен алек болуп, адамдык сапаттан чыгып айбандык сапатка жол берди деп ошондон кийин Алмазбек Атамбаевди саясый өлүк катары бааладым. Учурда бул адам кээ бир кошаматчыларга саясый тумар болсо, мен үчүн жана Аксыда шейит кеткендердин үй-бүлөсү үчүн Атамбаевди каза болгон арбак катары баалайбыз.

—Атамбаевдин кечээ 17-мартта Аксыда шейит кеткендерге эскерүүсүндөгү сөздөрү жаран катары Сизге кандай пикир жаратты?

—“Эр жигиттин ичине ээр токумдуу атат батат” деген кыргызда кеп бар. Өтө күлкүмүштүү. Атамбаев мындайча айтканда саясый кошок кошконду билбейт экен. Анчалык болду куудул Тынар Курбаналиевди чакырып бир күлдүрүп, же болбосо кошок кошчу бирөөнү чакырып койсо болмок. Уят, президенттин деңгээли ошолбу? Ал киши мамлекеттин жүзү болгон. Атамбаев кечээ шейит кеткендерди шылтоо кылып арманын айтып, ичинен ыйлап-ыйлап алды…ал маркумдарга кагырбайт деле, кайгырса Дача-СУда каза болгондорго бир жолу басып барып койсо болмок.

—КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен коньяк ичкенин айтты, ушул сөзгө ишенесизби?

—Атамбаевдин бөтөлкө менен дос экенин калың журттун баары айтып жүрөт. Ал тургай жакын санаалаш, табакташ досу Азимбек Бекназаров жергиликтүү ММКларга шымына зара ушатып койгонуна чейин жазып чыкпады беле? 2009-жылы президенттикке талапкерлигин койгондо “Курманбек Бакиев Атамбаевди ууландырды” дегени калп чыкпадыбы? Атамбаев өзү айткандай ошол учурда коньяктан көбүрөөк ичип алып ууланып алганын далилдеди. Эми эмне дейбиз, президенттин деңгээли ушул болсо калган уяты батекте болуп жатпайбы? Кызыгы айласы кеткенде Сооронбай Жээнбековду  “мени менен коньяк ичкен”, дегени карандай калп. Эгерде Жээнбеков ичкиликке жакын болсо кызыл иңирде жазып чыгышмак. Ансыз деле Жээнбековду фейктери аркылуу талкалап эле жатышпайбы?

—Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу