Урматбек Акунов: “Алмазбек Атамбаев, «Кыргыздын душманы кыргыз» деген”

“Мындан бир нече жыл мурда Алмазбек Шаршенович эл алдында  сүйлөп жатып, «Кыргыздар шордуу элбиз», «Кайран элбиз», «Кыргыздын душманы кыргыз» деген эле. Ал тууралуу тасмада бар. Мына бүгүн чындап эле кыргыздын душманы ким экенин териштире турган күн келип калды. Эзелтеден бери ата-бабаларыбыз мен «Кыргызмын», сен кыргыздын урпагысың, өмүр бою кыргыз деген атыңды укумдан-тукумга сактап жүр деп бизге өткөрүп беришкен” — деди,  “Теңир-Тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы Урматбек Акунов.

“Азыр эми эмне болду? Кыргызбы же кыргыз эместерби айтор паспорттон «улуту» деген графаны алып салышып, биз кыргызбызбы же башка улутпузбу далилдей албай калдык. Бул деген сөз кыргыз деген улутту, мамлекетти таптакыр жок кылуу максаты. Мисалы сырттан келген душмандар (кыргызга окшоштор) кыргыз паспортун алып, мен кыргызмын дешип, мамлекеттик чоң-чоң кызматтарды сатып алышып, (азыр чон кызматтардын баары сатылат) мамлекеттик сырлардын баарын билип алышып, керек болсо президенттикке чейин жетишип, мезгилдер откондон кийин бугун «улуту» деген графаны алып салып жаткандай, Кыргызстан эмес, Уйгурстан же Кытайстан кылабыз дешсе, ага да макул болобузбу? Демек, ООНдун 50 жылдан кийин кыргыз улуту жок болуп кетет деген анализи туура экен да. Ойгон Кыргыз!  Ошондуктан Алмаз Атамбаев тарыхта калам десе, паспорттогу улуту деген графаны ордуна коюп, боло турган Курултайды колдош керек” — деди Урматбек Акунов.

Булак: NazarNews.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу