УРА-АА! «АТА-МЕКЕН» УТТУ

БЫЛЫГЫҢ ЧЫКТЫ БЫШЫКЫ!.

 

Бүгүн КР Жогорку Соту БШКнын Өмүрбек Текебаевге жасаган мамилесин мыйзамсыз деп четке какты. «Ата-Мекен» партиясынын юристери БШКга мыйзамда жазылган беренелерди көзгө сайып көрсөтсө карамак турсун көңүл да бурчу эмес, а Жогорку Сот карап туура деп тапты.

 

Ушундан улам Нуржан Кармабековна деген жетекчи сөрөйдүн БШКсынын айрым ары жок мүчөлөрүнүн жасап жаткан иш аракеттери акмакчылык деп билишибиз керек.

 

Демек, эртеңден калтырбай Текебаевди тесттен өткөрүшпөсө аларды калдайган калктын каргышы күтүп турганын билип койушсун. Мындайды эл дагы, тарых дагы эч качан кечирбейт. Эртерээк эсиңерге келиңиздер!

 

Былжырак БШКдан башканын баары билет, талапкер болуп бир гана соттолгон адам каттала албайт. А Текебаев соттоло элек, соттолушу да мүмкүн эмес, анткени эч кандай күнөөсү жок. Эгер Эрнис Айбек уулунун эси болсо эртең Өмүкени куткарышы керек. А Өмүрбек Чиркешович тез арада тесттин тапшырып, КР Президенттигине толук кандуу талапкер болуп катталышы керек! Уктуңузбу, «улуу урматтуу» Нуржан Кармабековна!

 

Андыктан «Ата Мекен» Алга, жеңишке болгону жети кадам калды!.

Асыран Айдаралиев,  журналист.

Булак: Аргумент

Аргумент.kg
Жооп калтыруу