Ун саткандан өйдө көтөрүлө албаган Чыныбай Турсунбеков «Сооронбай Жээнбековго караганда менин деңгээлим жогору» деп дердеңдеп жатыптыр

Чыныбай Турсунбеков да президенттикке талапкер болом деп дердеңдеп жаткан
кербези. «Сооронбайга караганда менин деңгээлим жогору» – деп өзүнчө эле чапчынып
жатыптыр. Кудая тобоо, ун саткандан өйдө көтөрүлө албаган Чыныбай Кыргызстанга
кандай иш кылат ыя? Деңгээл дегенден эч нерсе жок экен да мында. Анын минтип
опурулуп президент болом дегенине Алмазбек Атамбаев «партиядан чыгып кетип,
президенттикке аттана бер» – деп эшикти көрсөтүп койгон экен. Эми эси кетип, айласы
алты жеринен куруп жатыптыр. Чын эле Чыныбайдын деңгээли Сооронбайдыкынан
жогорубу?

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу