Унаа кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды

Айдоочу жолдо баратып уктап кетип кырсыкка учурады. Бул тууралуу Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын маалымат кызматы билдирди .

Маалыматка караганда, окуя 24-июлда эртең менен Ысык-Ата районунун Ивановка айылында болгон. «Форд Транзит» автомашинасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, «Тойота Камрин» унаасын сүзгөн. “Форддун” айдоочусу жана “Тойотанын” айдоочусу менен ичиндеги үч жүргүнчүсү каза болушту. Эки бала ооруканада.

Алдын ала териштирүү көрсөткөндөй, кырсыкка “Форддун” айдоочусу жолдо баратып уктап кеткени себеп болгон.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу