Унаада баланын жүрөгү айланганда эмне кылуу керек?

Көпчүлүгүбүздүн балалык чактан калган жагымсыз эсте калган нерселердин бири – машинада жүрөк айлануу. Азыр ушул маселе балдарыңыздын тынчын алып жаткан болсо, төмөндөгү кеңештерге кулак салыңыз.

Термелүү («деңиз оорусу») – мээнин түшүнүксүз абалда болгон жагдайы, себеби көз кыймыл-аракетти белгилейт, ал эми вестибулярдык аппарат дене тынчтыкта турганын айтат. Мээ жаңылышат да, өзүн «бир түрлүү сезе” баштайт: адам табитин жоготуп, бозоруп, тердейт, уйкусу келет, алы кетип (балдар эркелеп башташат), баш айланат, жүрөк айнып, кусат. 2-12 жаштагы балдарда жана гормондук өзгөрүшкө учураган аялдарда термелүү көп болот. Унаада баланынын жүрөгү айланса эмне кылыш керек?

1. Тартип боюнча уруксат болсо, баланы алдыңкы орундука же арткы орундун ортосуна отургузуңуз. Бул жерлерде өтө көп термелүү болбойт.

2. Абаны тазалоо үчүн терезени ачыңыз. Баланы чечинтип, жеңилдетиңиз.

3. Катуу жыттанган жыттардан алыс болуңуз. Автоунаага арналган жыпар жыттан баш тартыңыз жана унаада эч ким тамеки тартпоону сураныңыз.

4. Жолго чыгарда тамакка тойгузбаңыз. Майлуу, куурулган, сүт азыктарынан жана газдалган суусундуктардан баш тартыңыз. Жолго чыгар алдында 1-1,5 саат мурун жеңил тамак бериңиз.

5. Эгер баланын жолдо жүрөгү айланса, анын көзүн чарчатпаңыз. Жолдо мультфильм көрсөтпөңүз, гаджеттен оюн ойнотпоңуз жана китеп окутпаңыз. Анын ордуна ыр же аудиосабак укса болот.

6. Балага суук убакта суусундукту аз-аздан бериңиз. Жалбыз, лимон жана имбирь – жүрөк айланууну басууга арналган жакшы өсүмдүктөр.

7. Жалбыз даамы бар конфет бериңиз.

8. Жалбыз, розмарин, лимон жана карагай эфир майлары жүрөк айланууну токтотот. Анын бир нече тамчысын майлыкка тамызып, жыттаңыз. Мындай майлар менен чекени укалоого болот.

9. Жолдо дары бербегенге тырышыңыз. Кээ бир антибиотиктер, ичеги курттарына каршы дарылар, депрессияга каршы куралдар жана ж.б. жүрөктүн айлануусун күчөтөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу