Улуу атты булгагандан уялбайт экен го..

Ак-Талаа районунан чегирткече секирик жасап, учурда Тянь-Шань районунун акими болуп олтурган Семетей Черикбаев эл үчүн да, мамлекет үчүн да чеке жылытарлык иш жасаган жок. Өзүнүн көмөчүнө күл тартуу, каражанынын камын көрүү менен алектенген бул эргул эми бирөөлөрдүн жасаган ишин да менчиктемейге өтүптүр.

Дегеним, кечээ жакында Нарын районун аймагындагы жеке ишкердин эмгеги менен ишке кирген лыжа базасынын ачылыша катышкан Черикбаев оозун чоюп,бул жөрөлгөнү өзүнүн демилгеси катары сыпаттады.

Башкача айтканда, өз каражаты менен ачкандай кеп уруп, ишкерди жеке өзү колдогондой түр көрсөтүп, бул саамалыкты аким жасап жаткан иштердин үзүрү катары сыпаттагысы келгени көпчүлүктү аябай иренжитти. Бет деген эле ушул эргулда окшойт. Бир аз да болсо кызарып койбоду. «Жаман иттин аты бөрү басар» демекчи, «Семетей» деген улуу ысымды да булгап бүттү бул шүдүңгүт.

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу