Улуу абысыным күйөөмдү талашып..

Менин атым Эркеайым (аты өзгөртүлдү), 20 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 ай болду. Күйөөмдү сүйөм, бирок аны башка дагы бирөө …

«Мүнөт сайын үйгө келет»

Апам (кайын энем) мыкты аял. «Эмне үйдө отурасыңар, сыртка чыгып келгиле, жашсыңар», — деп турат. Жаңы келгенимде айткан сөзү али да эсимде: «Сен менин кызымсың!»

Кайын агамдын аялы (абысыным) менен күйөөм классташ болчу экен. Апамдын ак көңүлдүгү ай… Бир аз катуурак болсо, балким келиндери сестенип тураар беле.

Үйгө адыраңдап кирет. Баса, алар бизден бир көчө кийин жашайт. Секунд дебейин, мүнөт сайын келет.

«Ии классташ, анан кандай экен үйлөнгөн», — деп Кайратты (күйөөм) жонуна чабат.

Апам:

— Кой кызым, антпесеңчи…

Абысыным:

— Ай апа, тамаша да!

Апам:

— Келин менен дүкөнгө барып келбейсиңерби?

Абысыным:

— Мүмкүн Кайрат менен эле барып келээрмин…. Хахахаа!

«Чайды биринчи апама эмес, күйөөмө сунат»

Бир нерсесин тартып алгансып, мага сүйлөбөйт (мүмкүн тартып алгандырмын). Боенсом же жаңы кийинип алсам, дароо Кайратка чуркап барып, «аялың бирөөнү сүйүп калганго, тим эле жасанып алыптыр», — деп болбогон кептерди сүйлөйт.

Күйөөм экөөбүз чогуу олтуруп кино көрсөк, колтукташып бассак же суу чачышып ойносок ушундай жаман көздөрү менен карап өтөт.

Чайды биринчи апама эмес, күйөөмө сунат. Бир күнү чыдай албай Кайратка айттым:

— Жеңем сени сүйөбү?

— Кайдагыны баштабачы.

— Өлүмүш боло бербечи, мен баарын көрүп турам!

— Ал ошондой. Эми… Эми, өзүң элестетсең алтыным, аялыңыз мага тийишип жатат деп агама кантип айтам.

— Классташ экенсиңерго, бири-бириңерди сүйчүңөр беле?

— Бүтүрүү кечесинде жакшы көрөөрүн айткан, катуу кагып койгом. Экзамендер бүткөндөн кийин, агама тийип алды, окууга тапшырган жок. Ал да кызык, ушунун эмнесин жактырды?

— Демек, ал сени сүйчү экен да…

— Эркеайым койчу. Тамак быштыбы?

Эми баары түшүнүктүү. Мурда обу жок кызганып жатсам керек деп өзүмдү токтотуп койчум. Көрсө кептин баары башкада турбайбы.

Жакында окубуз башталат. Шаарга кетебиз. Оо кудай, аркабыздан келип калбаса экен.

Булак: «bilesinbi.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу