«Улуттук энергохолдингдин» башчысы 100 миң сом айлык алаарын айтты

“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди.

Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин айтып, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты.

Бүгүн парламентте өлкөнүн кышка даярдыгы талкууланып жатат. Тиешелүү мекемелердин ишин айрым депутаттар сынга алууда.

“Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлгөн. Абдыкадыров ага жетекчи болуп быйыл май айында дайындалган. Ага чейин «Электр станциялары» ачык акционердик коомунда бөлүм башчы болчу.

Компаниянын мурдагы төрагасы Айбек Калиев быйыл 10-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан чуудан улам кызматтан алынган, азыр ал УКМКда камакта.

Кыргызстанда орточо айлык, расмий маалыматка караганда, 15 миң 391 сомду түзөт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу