УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ИШТЕБЕГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ МАЯНА ЧЕГЕРИП ЖҮРГӨН

Улуттук илимдер академиясынын суу жана гидроэнергетика маселеси боюнча институтунда иштебеген кызматкерлерге эле айлык акы берилип жүргөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, И.Т. аттуу жарандын кайрылуусу боюнча аталган институтта текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада 2013-жылдан тарта иштебеген эле 3 кызматкерге маяна эсептелип жүргөнү белгилүү болгон. Ал акчаларды мекеменин жооптуу кызматкерлери алып жүрүшкөн.

Мыйзамсыз иштердин натыйжасында мамлекетке 720 миң сом чыгым келтирилген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу”, “кызматтык жасалмалуулук” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу