Улуттук баш кийим менен жылаңач сүрөткө түшүп элдин жинине тийген казак кызы талкууда…

Улуттук шөкүлө кийип, төшүн көрсөтүп жылаңачтанып түшкөн казак кызы интернетте кызуу талкууга алынып жатат. Инстаграмда forwarddemon деп аталган Ширин Нарчаева аттуу казак кызы буга чейин бирде хиджаб кийип, бирде жылаңачтанып түшкөн сүрөттөрү менен бат эле интернет жылдызына айланган. Эске салсак, жакында эле Казакстандын Эгемендүүлүк күнү болуп, анда Ширин Нарчаева талкуу жараткан сүрөтүн чыгарып казактардын жинине тийди. Ал: «Менин жашоом өзүмө жагат, мен бактылуумун, а силерчи?»-деп жазган. Кыздын мындай кылыгы көпчүлүкө жакпаганы менен, соцтармакта катталуучулары көбөйүп кеткен.

БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу