“Улутман” саясий кыймылдардын биримдиги билдирет.

Урматтуу мекендештер!
Кыргызстаныбыздын коомчулугун ичинде, соңку убакыттарда, тилекке каршы терс көрүштөр көбөйдү. Алардын бири регионализмдик-трайбалисттик көз караштардын өсүшү. Өзгөчө ушул терс тенденция саясий уюмдар жана саясатчылар менен тыгыз байланыштуу болууда. Коомчулуктун, социалдык тармактардын арасында тамырын терең жайган ар түрлүү топтор жана блогерлик желелер опур-талдуу пикирди тымызын жаратууда. Жогоруда айтылган саясий уюмдардын алдында кызмат кылган топторго такыр тиешеси жок жарандар, өзүлөрү байкабай, акырындык менен алдын ала ачытып даярданган чагымчыл маалыматтардын артынан ээрчип кетип жатышат.
Коррупцияга шектүү деген мурунку чиновниктерди убактылуу камакка алынып жаткан учурда, аларга мурунтан бери кызмат кылып жүргөн тараптар, коомчулуктун көңүлүн коррупциялык иштерден башка жакка буруп, республикабыздын айрым райондорун атап, ал аймактын жергиликтүү тургундарына чагымчыл чакырыктар менен кайрылып жаткандары байкалууда. Бул аракеттерди, “Улутман” саясий кыймылдардын биримдиги чагымчылдык жана өз элине чыккынчылык катары эсептейт, биздин позициябыз боюнча, мыйзам алдында баары бирдей жана аймактык айырмасы жок. Кылмышка шектүү жаран кайсы аймактык болбосун, ал толугу менен мыйзам алдында жооп бериш керек. Ошол эле кезде, кылмышка шектүү деген жарандар калыс, көз карандысыз тергөөгө жана адилеттүү сотко укуктуу.
Урматтуу мекендештер, азыркы мезгилде регионализмдик, кокту-коктуга бөлүнүүлөргө жол берсек, ал мамлекеттин туруктуулугуна зыян келтирерин, өлкөнү, элди чоң чырга алып келээрин баса белгилеп кетебиз. Бөлүнүп-жарылууларга алданбайлы, улуу Орозо айында ынтымакка келип, тынчтык менен келечекти ойлойлу.
Терең урматтоо менен,
“Улутман” саясий кыймылдардын биримдиги

Аргумент.kg
Жооп калтыруу