Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Альтернативдүү жолдон 600 млн долларды жеп коюшкан деген маалымат чыгып жатпайбы”

– Улукбек Зулпукарович, сиз парламенттеги профилдик комитетте салынып жаткан түндүк менен түштүктү байланыштырчу альтернативдүү жолду текшерүү маселесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун киргиздиңиз. Сизде мурунку бийлик жаңы жолдон дагы акчаны сол чөнтөккө солоп койгон деген шектенүү барбы?

– Бишкек ЖЭБдеги чуулгандуу окуядан кийин депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, көп сырдын бетин ачпадыбы. Эгерде чилденин ызгарында ЖЭБде жарылуу болбогондо, бул маселе аныкталбай, жабылуу бойдон кала бермек. Ушул окуядан кийин социалдык баракчаларда түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда дагы коррупциялык иштер бар деген маалыматтар байма-бай чыга баштады. Ошон үчүн тармактык комитетте маселе көтөрүп, жумушчу топ түзүп, эки ай ичинде жолго бөлүнгөн каражаттарды эксперттик топ менен биргеликте толук изилдеп, күзүндө парламенттик жалпы жыйынга алып чыгууну сунуштадым. Азыр коррупцияга жол берилген деп айтуу кыйын. Бирок, кээде ушундай чоң долбоорлордо кыңыр ишти жаап-жашырыш үчүн туура эмес маалыматтар да берилиши мүмкүн. Альтернативдүү жолдон 600 млн долларды жеп коюшкан деген маалымат чыгып жатпайбы. Чындыгында 600 млн долларды жеп койчу иш боло элек. Азырынча болгону 300 млн доллар гана бөлүнгөн. Калган каражат келишим боюнча турат. Жол бүткөн соң Бишкек ЖЭБдегидей ызы-чуу чыкпасын деген максатта гана алдын-ала текшерүү жүргүзүп койсок ашыкча болбойт деген ойдомун.

– Мурунку президент Атамбаев баштап кеткен долбоорлорду текшерүүгө алуу керек деген ой жокпу?

– Жок, андай ойдон алыс болушубуз керек. Өзүмдүн принцибим дагы ошондой. Парламент жарандык коом көтөрүп жаткан маселелерге, суроолоруна жооп бергенге аракет кылышы керек. Мен коомчулук маселе көтөрүп жаткан соң ага баа бериш керек деп иликтөөнү сунуштадым. Мурунку бийликти баса калып, ур-тепкиге алуу тууралуу ой жок. Азыр деле бийликте ошол эле партиянын өкүлдөрү олтурбайбы. Андыктан, мурунку бийликтин өкүлдөрүнүн ишин текшеребиз дегенден алысмын. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин коррупцияга аралашкан адамдардын ким экенине карабай жоопко тартылсын деген сөзүнө элибиз маани бериши керек.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу