Улукбек Маматаев: катыштыгы аныкталса – Атамбаевди да жоопко тартуу керек!

Тарых музейинин чуусу жана башка жең ичинен акча жегендердин көмүскө иштери аягына чейин ачылат деп ойлойсузбу?

– Булардын баары бүгүн эле пайда болуп калган жок. Азыр ачыкка чыккан иштердин баары буга дейре канча президент алмашса, канча өкмөт келип-кеткен болсо, ошолордун баарынын абийиринде турат. Ар бири кандайдыр бир деңгээлде салым кошушту. Анан коррупция ачыкталды деп эле башындагысын ары коюп, ортодого катардагы аткаминерлерди кармай берген жыйынтык бербейт. Эгер Жээнбеков чындап эле коррупция менен күрөшүүнү башкы парзы катары кабыл алса, анда Грузия, Армения сыяктуу өлкөлөрдөн үлгү алышы керек. Ошол өлкөлөр түшкөн жолго түшүп, колдонгон ыкманы колдонуп, күчтүү реформа баштаса натыйжасы болоору анык. Болбосо, тиги жеди, бул ичти менен гана чектелип, чыныгы коррупционерлерди калтырып, ортозаар аткаминерлерди кармап коюп отура беребиз.

– Ошондо, азыркы күрөш натыйжа бербейт дейсизби?

– Биринчи системаны өзгөртүш керек. Башкаруу системасын, сот системасын. Сот реформасы ишке ашканда гана күрөш натыйжалуу болот. Керек болсо, катыштыгы аныкталса Атамбаевди да жоопко тартуу керек. Экс-преаиденттер бийлигин тапшырып коюп эле, калган жоопкерчиликтен кутулуп кетсе, аны коргон кийин-ки президенттер да ошол кадамга барбайт деген кепилдик жок.

– Ири иштердин бетинин ачыла башташын Атамбаевдин бийликтен кеткендиги менен байланыштырууга болобу?

– Албетте, азыркы иштердин баарынын башаты Атамбаевдин бийликте турган кезине барып такалып жатпайбы. Ошондон улам эгер мурдагы президенттин колу таза болсо, азыркы иштер ошол кезде эле ачыкка чыгышы керек болчу деген ой жаралат. Жээнбеков Атамбаевге караганда тазараак, эч нерсеге аралашпаган адам болгондуктан, иштеп берейин деп аткансыйт. Биз да ишенишибиз керек, ишенбегенге аргабыз да жок. Президент элге таянып, эл президентке комок көрсөтүп, жалпылап коррупцияны жойбосок болбой калды.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу