УЛУКБЕК КОЧКОРОВ: “МИНИСТРЛИК ОРУНДАРДЫ УСТУКАН БӨЛҮШКӨНДӨЙ БӨЛҮП АЛЫШУУДА”

“Сот системасы элдин ишениминен кетти”,-деди бүгүн, 5-июлда 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров тегерек стол учурунда.

Айтымында, мамлекет социалдык милдеттерин так аткара албай жатат.

“Төрөт үйүнөн баштап бала бакчага, мектепке, ооруканага акча бериш керек. Бизде мунун баары бекер жана сапаттуу берилиши керек болчу, бирок бул жобо иштебей келет”,-деди Кочкоров.

Ошондой эле ал бийлик референдумдарды өткөрүп, өз бийлигин күчтөө менен гана чектелип калганын айтты ал.

“Эки революция болду, элдин үмүтү акталган жок. Бүгүн саясий элитага элдин ишеними кетти. Элибиз кайдыгер болуп калды, тилекке каршы, жалпы улуттук лидер жок. Элибиз кокту-колотторго бөлүнүп, саясатчылар болсо партияларга бөлүнүшүүдө. Парламентке келген адамдар өкмөттү түзүүдө, өкмөттү бардыгы портфелдерди, министрлик кызматтардан баштап, айыл-өкмөткө чейин бөлүп алып, өз адамдарын коюп жатышат. Анын билимине карабастан устукан бөлүштүргөндөй бөлүштүрүп алышууда. Бир жыл иштегенден кийин эл нааразы болуп баштаса, аны курмандыкка чалып, кайра башка акчасы барын алып келип жатабыз”,-деди ал.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу