Улугбек Ормонов: «Эл менен байланышты чыңдоо керек»

Жогорку Кеңештин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович менен маек.

Биз бул депутат менен кыскача маек жүргүзүү үчүн барып кабинетинде бир аз күтүп калдык. Ошол учурда телезизордо Жогорку Кеңештен түз алып көрсөтүү болуп жаткан. Анда ар түрдүү маселелер каралган учур эле. Бир маалда биздин каарманыбыз сєз алып микрофонго сүйлөп калды. Анда Япониядан келген машиналарды тактоо боюнча маселе көтөрдү. Бир аздан соң Жогорку Кеңештин кеңешмесине танапис жарыялады. Депутаттар ошол көтөргөн суроосу боюнча суроо узатып калдым.

-Улугбек мырза, сиз азыр эле япониядан келген машиналардын маселесин көтөрүп калдыңыз, эмне үчүн ушул проблеманы тиешелүү мекемелердин алдына коюуну чечтиңиз.?

-Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бир нече жыл мурун япониянын фукусимо деген жеринде атомдук электро станция жарылган. Ошондо радиациалык фом көтөрүлүп жаңы чыгарылган машинага дагы таасири тийген. Окумуштуулардын айтымына караганда ал фом өзүнөн- өзү жоголуп кетпейт экен. Жүргөн жерлеринде адамдардын ден соолугуна чоң зыян алып келиши мүмкүн. Биздин чек арадан өтүп жатканда ошондой машиналар текшерилип 2000дей машинадан радиациалык фом чыккан. Ошол машиналар эмне болду? Кайда жайгашкан? Балким 2000 эмес 20 000 машина өткөн. Мен ушуларды тактоо үчүн маселелерди койдум. Толук аныкталып бүтмөйүнчө көзөмөлдөн чыгарбайм.

-Депутаттын негизги милдети элге керектүүмыйзамдарды чыгаруу сиз кайсы багыттагы мыйзамдарды сунуш кылуудасыз?

-Бизде мыйзамдарга абдан кєп оңдоолор киргизилет, анткени жылына жүздөгөн мыйзамдарды кабыл алдык деп эсептейбиз. Саны көп, бирок сапаты жок. Мисалы өткөн жылы биз Англияга барып парламенти менен таанышып кайттык. Жылына жыйырмадай гана мыйзам кабыл алынат экен. Ошондо баардыгы түп тамырынан бери иштелип чыгып, турмушка ашчу мыйзам болот. Ал эми биздегилерди болсо иштеп чыгуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар. Мен мына ушундай өзгөртүү талап кылган мыйзамдардын негизинде иштейм. Бир эле мисал. Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат. Баардык сатып алуулар конкурс менен өтүүдө. Бир жагы бул туура деп коелу. Экиден кем эмес конкурска катышат, баардыгы ачык болот. Бирок мунун кемчиликтери да болуп жатпайбы. Өзгөчө айыл өкмөттөрдүн колу-буту байланып калууда. Керек болсо кичине бирдемке кылса да тендер кылыш керек экен. Ошондуктан 1 млн.сомго чейин сатып алууларды өзү эле чечип алышы керек. Анын тууралыгын текшерип алуу дагы мүмкүнчүлүгү бар. Тендердин мен байкаган дагы бир кемчилигин айта кетейин. Айыл жергесинде мектеп оорукана сыяктуу социалдык объектилерди курууга көптөгөн уюмдар катышат. Мисалы, жетимиш млнго бүтчү курулуштун ордуна 45 млнго куруп берем деп утуп алат. Биринчиден арзан болгондон кийин сапат да жоголот. Анан бүтпөй  калгандан кийин кошумча 25 пайыз каржылоону алууга мыйзам жол берет экен. Бул эмне дегендикти билдирет. Баары бир кошуп берет деп арзан айта коюп утуп алып жатышпайбы. Андан сырткары курулуш фирмаларын дагы кылдат текшерүүдөн өткөрүш керек. Мүмкүнчүлүгү, тажрыйбасы, эң негизгиси техникасы барбы? Мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгы жүзүндө да көрүү зарыл.

-Аны кантип ишке ашырасыздар?

-Мисалы мен былтыркы жылы Өзгөн районуна үч жолу барып айыл өкмөттөрү менен жолугушуу өткөрдүм. Ошондо далай маселе ачыкка чыгып калат. Кандай кылыш керек экендигин түшүнө баштайсың. Мыйзам мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштеш керек. Бир топ жыл мурун Жогорку Кеңешке депутат болчумун. Ошондо кырсыкка кєп учурагандыктан оң рулдуу машиналарды алып кирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамдын үстүндө иштегем. Анда “Ормоновдун жеке кызыкчылыгы бар экен” дешип мыйзамды өткөрбөй салышкан. Мына он жылдан кийин ошол маселелер кайра көтөрүлдү. Акыры оң рулдуу машиналарды алып келүүгө тыюу салынды.

-Партиялык тизмелердин алдынкы катарларынан капчыктуулар орун алгандыгын көрдүк. Алар эми кандай мыйзам чыгарышат?

-Чынында эле кийинки убакта партиялык тизме менен шайлап калган. Шайлоочу кимди тандаарын билбей жалпы добуш берип калды. Анын үстүнө катуу тизме коюлду. Менин пикиримче бизге мындай катуу тизме болбойт окшойт.

-Анда эмне катуу тизмени жок кылыш керекпи?

-Сөзсүз. Мунун эки варианты бар. Ар бир партиянын тизмесин билип, адамга да добуш берсе. Ошол эле Англияда партиялар катышат. Адамга да добуш беришет. Натыйжада кимди шайлаганын шайлоочу билип калат. Маселен биздин мамлекетибизде 120 эмес 90 депутат жетмек. 75 партиялык тизме менен округдан келсе, ал эми он бешин болсо өлкө президенти мамлекетке салым кошкон адамдардан, интеллектуалдык деңгээли жогорулардан депутаттык орунга алып келмек. Ошолордун арасынан мыкты депутаттар чыкмак деп ойлойм. Болбосо эл кимге кайрылаарын деле билбей калды. А эгер конкреттүү билип турса депутаттын шайлоочу менен болгон байланышы күчөмөк. Көп маселелер оңой чечилмек. Азыр болсо ар кайсы аймактарда партиялардын штабтары иштейт. Ал эми шайлоо бүтөөр замат жабылат. Кийинки шайлоодо гана кайра ачылат.

— Сиз өзүңүз шайлоочу менен байлануушуну кантип чечүүдөсүз?

-Мен кичи мекеним менен байланышым болушу керек. Бирден өкүл округда отурса жакшы болмок. Азыр андай жок. Мен өткөн жылы үч жолу бардым. Маселе, ошо эл менен жолукканда чыгат. Көпчүлүк укук коргоо органдарына арызданат. Социалдык маселелер боюнча дагы арыз көп. Өтө орчундуу маселенин бири оорулуулардын, майыптардын акыбалы. Мисалга Россияны алсак, оорулуу баласын караган энеге 35 000 рублдан төлөнөт. Апасына эмгек стажысы да кетет. Ошол боюнча пенсияга да чыгат. Бизде 29 миң майып бар экендиги белгилүү. Ошону эсептеп чыгыш керек канча акча керек. Албетте Россиянын мүмкүнчүлүгү менен теңеле албастырбыз. Бирок, бул маселени мүмкүнчүлүккө жараша чечүү зарыл деп эсептейм.

-Кийинки кезде коомчулукта парламент тарайт экен деген сөз кеңири тарап жатат. Сиз кандай деп ойлойсуз?

-Кайрадан шайлоо болуп парламент тарап кетиш үчүн бийлик бутактарынын ортосунда карама-каршылык болуусу зарыл. Менин баамымда мындай карама-каршылык жок. Парламент да өкмөт да бири-бирин түшүнүү менен иштешип жатышат. Менин оюмча мындай сөздөрдүн эч кандай маңызы жок деп эсептейм. Ал эми мыйзамдарга өзгөртүү киргизип өзгөчө парламенттин ишмердүүлүгүнө оң натыйжа берүүнүн зарылдлыгы бар экенин жогоруда айттым.

-Кыргыз мамлекетинин келечегин кандай көрөсүз?

-Биздин мамлекетте келечек жакшы. Аны ишке ашырыш үчүн ким экенибизге карабай ар бирибиздин аракетибиз керек. Мамлекетибиз мыйзамдуу жолго түшүп ар кандай оң тетириликке жол бербеши керек. Бийликке дагы бир жолу кайталап айтайын интеллектуалдар келиши керек. Биздин элибиздин дагы мыкты сапаттары бар. Мен бир эле мисал келтирейин. Азыр чет өлкөлөрдө көтөгөн мекендештерибиз жүрөт. Өлкөгө, анын экономикасына чоң салым кошууда. Адам болгондон кийин жакшылык, жамандык менен болот экен. Мисалы ошол мигранттар каза болуп калса бир да улут мекенине алып келбейт экен. А биздин эл сөзсүз алып келет. Өткөндө бир Ала-Букалык жигит АКШда кайтыш болуп калды. Тууган туушкандары, тааныш билиштери, эл акча чогултууга жардам берип, жыйырма миң долларга мекенине алып келип жерге беришти. Анан дагы ийгиликке жеткендери дагы көп эмеспи. Алар баары бир учурунда мекенине кайтып келүүнү максат кылышат. Тапкан акчаларын биздин өлкөгө салууга далалаттанышат. 2007-жылы Иркутскийден Асылбек деген жигит менен таанышкам. Иши жакшы жүрүп ийгилике жеткендердин бири экен. “Кыргызстанга барасыңбы?”,- десем кезеги келгенде барам деген. Былтыр мени менен байланышка чыкты. Мына мекениме кайтып келдим дейт. Эми ал мүмкүнчүлүгүн ошол Кыргызстанга жумшоону максат кылып жаткан. Бул да болсо биздин элдин өзгөчөлүгү. Мына ошого окшогон адамдар өлкөбүздү өнүктүрөт.

Кутман Рыскелдиев

БУЛАК: МЕКЕН ИНФО гезити 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу