Улугбек Ормонов: “Бишкекте кароосуз калган ботаникалык бакты сактап калуу керек”

 

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Бишкектеги Ахунбаев – Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бактын абалына тынчсызданып жатканын билдирди.

Эл өкүлү жылда өткөрүлчү ишембиликтер бактын бир тарабында гана болорун, бактын ичи болсо таштандыга толуп калганын айтты.

“Бул ботаникалык бак өзгөчө статуска ээ жана 3 мыйзам менен корголот. Бирок бул жердин жада калса кароолчусу дагы жок. Бак-дарактар куураган, ичи таштандыга толгон, тосмолору жок”,-деди депутат.

Улугбек Ормонов бул ботаникалык бакта көчмө жыйын өткөрүүнү сунуштады.

“Тармактык комитетке тапшырма берип, көчмө жыйын өткөрүп, ал бактын абалын жеринен көрүп келели. Жогорку Кеңеш бул маселеге жакшылап көңүл бөлүп, тиешелүү чечим кабыл алалы. Ансыз деле шаарда бактар көп кыйылып жатат, ботаникалык багыбызды сактап калалы”,-деди депутат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу