Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Маркум Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертиза жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу журналист Каниет Жыргалбеков билдирди

. -Жыйынтыкты айтты! Досум бизге таарынбай тур, чындыкты дагы издейбиз! Мен, бирок, макул эмесмин! Буттагы тактар боюнча: “ал тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийинки так” деп чыгарышты. Өлгөндөн кийинки так болсо эмнеден болушу мүмкүн? Бул суроого жооп жок! Эмнеден жаралышы мүмкүн ал так? Ага дагы жооп жок! Экспертиза ашказан боюнча ишти узак убакытка созду эле, “ашказан таза, ууланган эмес” дешти… Айтор, алгачкы жыйынтык “киши колдуу эмес” деген эле жыйынтык менен чыкты. Жанар Акаев менен жолугуп, чогуу сүйлөштүк, кылмыш ишин козготолу деп жатабыз. Бирок козготконго берене жана факт жок дейт МВД… Бирок, колдон келишинче аракет жасайбыз! Бул акыйкатсыз чечимге таң калбай деле койолу. Себеби, Улан досум чындыкты өзү менен кошо ала кеткен… Биз эми жаңы чындыкты жаратабыз! Чындык үчүн, өлкө үчүн, Улан досум үчүн ишти улантабыз… Жакында чыга турган видео материал экспертизада, ошонун жообун күтөбүз, — деди Жыргалбеков.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу