Улан Султангазиев, актёр: “Мага Алымбек Датканын ролу сунушталган,бирок…”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат үстүндө “күйгөн” чабандес таң калтырса, бул жолу мөңгүнү аралап барып суу алып келген жигит элдин сүймөнчүгү болду. Ал жигиттин ролун мыкты аткарган актёр Улан Султангазиев биздин маек төрүбүздө.

– Улан, мөңгүдөн суу алып келгениң өзгөчө болду, кимдин идеясы эле, кайсы жерде тартылды?

– Идея режиссёр Алтынбек Максүтовдуку болчу. “Айтыш фильм” жана «Макал Арт» студиясы тартты. Көчмөндөр оюндарына 15 күн калганда тартылдык. Хан-Теңири тоосунан, асман тиреген мөңгүлөрдүн арасында тартылдык. Каракол шаарынан ары тик учак менен 1 жарым саатта учуп бардык. Негизги идея мындай болчу. Мен көчмөндөрдүн желегин сайып мөңгүдөн суу алып келип, көөкөрдөгү сууну президентке бермекмин. Ал ичип Түркияга өткөрүп бермек. Жабылышына Сооронбай Жээнбеков барбай калганына байланыштуу шашылып сценарийди өзгөртүштү. Көчмөндөр оюндары бүткүчө формамды чечпей, сакалдарымды албай даяр тургам. Олимпиада оюндарында факелди беришет го. Бизде факелдин ордуна көөкөр колдондук.

– Мөңгүдөн кулап бара жаткан эпизодду каскадёр аткардыбы? Кооптуу го…

– Жок, өзүм аткардым. Кооптуу экен, мөңгү көчүп кетиши, жаракага түшүп кетишибиз мүмкүн экен. Түнкүсүн суук болду, күндүз чыдаса болот. Үч күн тартылдык. «Ал жерде баскан оор, болбойт» дешти. Бирок сценарийде жүгүрүш керек болчу, кышылдап калып жатсам да аткардым.

– Бир нече жолу оор операция болдум деген элең, ден соолугуңдан корккон жоксуңбу?

– Мурунку көчмөндөр оюнундагы роликте хандын ролуна мени тартышкан да. “Сен көчмөндөрдүн жүзү болуп каласың” дешти. Менин фактурам туура келди окшойт. “Бара аласыңбы?” деп ден соолугумду сурашканынан макулдугумду билдиргем.

– Кино жаатында көрүнбөй кеткендейсиң.

– Ден соолукка байланыштуу Түркияда үч жылдай жүрүп келдим. Ошол учурда 6-7 тасмага чакырышты. Келсем кайра чакырбай калышты (күлүп). Фестивалдык тасма, анан коммерциялык багытта тартылган тасмалар болот эмеспи. Мен ким чакырса баш тартпай бара берем. Бирок табитим фестивалдык тасмаларга жакын. Алар терең, актёрлорго талабы күчтүү. Коммерциялык багытта тартылган тасма актёр катары образды ачканга аракет кылбай эле сюжетти кууп жүрүп отурушат. Мисалы, жинденип жаткан учурду тартса, алып уруп ошол жердин баарын талкалап жиберип тартылгың келет, тартуучу топ болсо “аны кармаба, муну сындырба” деп чектөө коюп коюшат. Аларга аз каражатка окуялуу кылып тартуу талапка ылайык болгон үчүн болсо керек. Байкасаң, мурунку тасмалардын ар биринде жандуу кадрлар кезикчү, ал жерде жашоо бар. Бири от жагып отурса, экинчиси саманда жатып дегендей… Азыр деталдарга көп көңүл бурушпайт.

– Алымбек датканын ролуна да чакырылган экенсиң, эмнеге баш тартып койдуң эле?

– “Курманжан датка” тартылып жатканда Алымбек датканын ролун сунушташты. Костюмду кийип, күзгүнүн алдына барып өзүмдү карап туруп, эч эле Алымбек датканы көрө албай койдум. Өзүм сүрөтчү болгондуктан кайсы роль кимге кандай отурат, билем. Мен даяр эмес экенимди сездим. Бир нерсе эксең деле түшүм бере турган маалы болот го. Ошол абал мага эми келди окшойт. Толуп-ташып бир күчтүү роль жараткым келип, жарылып кетчүдөй болуп жатам. Ондон ашык тасмага тартылдым, бирок ролдорума жүрөк жылыбайт.

– Бурулайга арналган ала качуу тууралуу роликке тартылдың. Эркектер өмүрүндө бир жолу болсо да ала качууга катышат дешет, сен катыштың беле?

– Жок, катышкан эмесмин. Ала качуу мурун жакшынакай эле кабыл алынчу. Ата-энелерибиз ошентип эле үйлөнүп, очор-бачар болушчу эмес беле. Азыр кылмыш катары каралып жатат, аялдар да сүйүүгө укугу бар деп жатышат. Бирок 5 жыл сүйүшүп, үйлөнүп алып 5 күн жашабай ажырашып кетип жатышпайбы… Кээ бир учурда сүйүү деле жардам бербейт окшойт. Ошентсе да ала качкан туура эмес. Кызык нерсе, мени айылдык жигиттин ролуна такыр чакырышпайт. Тоодон келген эле жигитмин, бул роликте биринчи жолу аткардым.

– Тасмадан тышкары жашооңдо эмне бар?

– Элдикиндей эле тирилик бар.

– Жүрөгүңдү ээлеген бийкеч «ооруп жүрөт» деп кеп кылдың эле, айыгып кеттиби?

– Ал тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Азыр жалгызмын, 34 жашка чыгып карт бойдок болуп жүрөм. Мен сүйүүгө, ишиме жүрөгүм менен аябай берилип кеткен адаммын. Мага мендей мамиле жасаган адам табыш оор. Ошол себептенби, же жаш өткөн сайын жакпай баштайбы, же убагы сааты чыкпай жүрөбү, билбейм.

– Сүрөтчүлүгүң кандай болуп жатат?

– Сүрөт тартып жүрөм, Түркиядан көп тарттым.

– Каскадёрлук кесипте да өзүңдү сынап көрдүң окшойт?

– Өзүм жайлоодо жылкыга аралашып жүргөндүктөн, жылкы баласына аябай жакынмын. Каскадёрлукка кызыгып жүргөнүм чын, бирок менин ден соолугума зыян келтирип алып, жооптуу болбойлу деп абайлашат. Болбой эле кооптуу нерселерди өзүм аткаргым келе берет.

– Үй-бүлөң тууралуу кыскача айтып кетсең.

– Мен кичинемден чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Аларды ата-апа дечүмүн. Аябай эрке элем. Өз ата-энемдин колуна 11-классты бүткөндө келдим. Адатта шаарга жаңы келген балдар айылга ата-энесин сагынып качышат го. Тескерисинче, менин чоң энем менен чоң атам аркамдан келе беришчү. Борборго мен үчүн көп каттап жатканын жашырып, «эми жол бекер да» деп коюшчу. Чоң апамдын көзү өтүп кетти, чоң атам бар. 3 карындашым бар. Азыр болсо төрөгөн апам менен жакын сырдашмын.

– Социалдык тармактарда талкууларга катышасыңбы?

– Талкууга катышып талашып-тартышып кетпесем да жаран катары оюм бар. Мисалы, Зере аттуу кыз чыкты. Кимдерге жакты, билбейм, мен сын көз менен карадым. Эң негизгиси, азыркы муунду биз эмнеге тарбиялап жатабыз деген суроо болушу керек. Алар тез илип алат. Демек, жылаңач чыкса болот экен, эч кимди укпасак болот экен, өзүбүз кыйын экенбиз деген ой калыптанат. Ушул нерселер аларды өзүм билемдикке үндөп, текебер кылып салабы деп ойлойм. Шоу-бизнестегилердин чыдамдуулугуна бир чети таң калам. Мен Анжеликага айтылган сындын бирин уксам жаным кашайып, болбой калсам керек. Өзү аялзаты болсо мунун баарын кантип көтөрөт деп жүрөгүм ооруй берет.

– Сен жүрөгүңдү оорутпа, өзүң да ооруба. Алдыда сени тартыла турган ролдор күтүп турат.

«Көчмөндөр оюндарынын жүзү болосуң» деп мактап коюшса дердеңдеп чуркап жүргөн кезим».

Нуржамал Жийдебаева

БУЛАК:Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу