Улан Саляновдун өлүмү боюнча үчүнчү шектүү кармалды

Ички иштер министрлиги билдиргендей, мурдагы депутат Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу кылмышка шектелип жаткан үчүнчү киши Орусияда кармалды.

Ал 30 жаштагы Орусия жараны Заур Насруллаев экени айтылды. Маалыматка караганда, Насруллаев быйыл августта эки өлкөнүн биргелешкен ыкчам-издөө ишинин натыйжасында Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалып, кылмыш ишин моюнга алган.

Орусияга аны Кыргызстанга өткөрүү боюнча өтүнүч жиберилген.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө үч киши кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылган. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

ИИМ кылмышка үч киши шектелип жатканын, анын экөө кармалганын маалымдаган, бирине издөө жарыяланган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу