Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотто каралат

Бүгүн 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишти кароону улантат. 6-сентябрга белгиленген алгачкы жараян айыпталуучу тарап сотко келбей калганына байланыштуу болбой калган.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

Ички иштер министрлиги Ошто ишкерди карактоого шектүүлөрдүн бири Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкканын билдирген.

«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсү ​12-сентябрда обого чыккан «Бандиттер байырлаган Ош» деп аталган иликтөөсүндө ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайы тууралуу сөз кылган. Анда Оштон башталган кылмыштын изи Аида Салянованын инисинин өлүмүнө алып барган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу