Улан Примов, КСДП депутаты: Тариф саясатына кылдат мамиле кылбасак да, келечекте энергетика тармагынан ажырап калышыбыз мүмкүн

– Улан мырза, «бюджет жөнүндөгү мыйзамда энергетика тармагы өзүнчө берене катары көрсөтүлүүгө тийиш» деген сунушуңузду чечмелеп берсеңиз?

– Жыл сайын бюджет боюнча мыйзам кабыл алабыз. Анда бөлүнгөн каражаттар кайсы тармактарда кандай иштетилери, кайсы нерселерге өзгөчө багытталаары так, даана көрсөтүлөт. Бюджет жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалар жана кредиттерди жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу, мисалы, 2019-2020-жана 2021-жылга канча кайтарылары суммасы менен көрсөтүлгөн. Биз ушул эле мыйзамга энергетика тармагына алынган каражаттар дагы жыл сайын мынча суммада кайтарылат (!) деп өзүнчө берене менен көрсөтүлүүсүн сунуштап жатабыз. Эгергетика тармагы бизде эң оор тармак. Бул тармакка алынган, берилген ссудалардын дагы респубикалык бюджетке кайтарылуу мөөнөтү жана суммасы так көрсөтүлүүгө тийиш. Жалпы киреше булагында, тиркемеде белгиленгени менен өзүнчө дагы бир берене түрүндө көрсөтүлсө, булар канча акча каражатын кайтарышы керек экени жалпы элге да түшүнүктүү болот эле.

– Өзүнчө берене болгондо каражаттын колдонулушу гана ачык болобу, же тармакты өнүктүрүүгө да кандайдыр бир таасирин тийгизеби?

– Бизде эң көп кредит ушул энергетика тармагына алынган. Республикалык бюджеттен дагы жыл сайын энергетика тармагына эбегейсиз чоң суммалар жумшалат. Ошондуктан бул акчалар – 100 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш. Чындыгында энергетика тармагында абал оор болгону үчүн аны улам реструктуризация кылып, жылдырып келатабыз. Эгер бюджет жөнүндөгү мыйзамда өзүнчө берене катары көрсөтүлсө, мен ойлойм, бюджеттин киреше жагына дагы бир топ ыңгайлуу болмок. Бирок, мунун баары келип эле тарифке такалат. Албетте, тарифтерди көтөрүү аябай оор жана опурталдуу маселе. Ошол эле учурда «таяктын эки учу бар» дегендей, экинчи жагы эгерде биз тариф саясатына кылдат мамиле кылып, этап-этабы менен көтөрүү жагын карап, иш-чараларды жүргүзбөсөк, келечекте энергетика тармагынан ажырап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күндө энергетика тармагында 65-70 пайызга жакын жабдуулар эскирген жана алмашууга муктаж. Энергохолдинг ушундай маалыматтарды берип жатат. Мунун баары экономикабыздын кубаттуулугуна, элибиздин жашоо-турмушуна дагы байланыпггуу маселе. Ошон үчүн өтө этияттык менен мамиле жасашыбыз керек.

– Комитетте бюджет жөнүндөгү маселе талкууланып жатканда 21 миллиард сомдук жоготуу тууралуу сөз болду. Бул жоготуу ишканаларга кандайдыр бир жеңилдикгерди берүүнүн натыйжасында пайда болгонбу?

– Азыркы салык кодексине ылайык кайсы бир тармактарды өнүктүрүү максатында биз толукгоо, өзгөртүүлөрдү киргизип жатып, бир топ тармактарга, ишканаларга салык төлөө боюнча жеңилдиктерди бергенбиз. Бирок, ошол мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктер өзүнүн натыйжасын бердиби? Өзүн актап жатабы? Жеңилдиктердин эсебинен өндүрүш өнүктүбү? Алдын ала божомолдор боюнча, жеңилдиктердин эсебинен биздин бюджет 21 миллиард сомдун тегерегинде акча каражатын жогото турганы боюнча маалыматты бизге каржы министрлиги берди. Экономика министрлигинин бул жерде чоң иши бар, ушул жеңилдиктерди бир сыйра карап чыгышы керек. «Натыйжалуулугу барбы-жокпу?» деп терең анализ жүргүзүп, эгерде тармак өнүгүп, салыктарды төлөп, бутуна турган болсо, ал жеңилдикгерди этап-этабы менен жоюп, бюжджеттин киреше жагын дагы ойлошубуз керек. 21 миллиард сом биздин бюджетибиз үчүн аябагандай чоң акча.

– Каржы министринин айтымында, келерки жылдын бюджетинин тартыштыгы 10 миллиард сомду түзөт экен. Бирок, «ал тыштан келе турган акча» дейт. Ошондо бюджетте тартыштык болбой турганын түшүнсөк болобу?

– «Бара-бара өзүбүздүн тапкан акча каражатыбызга ылайык, жашоо-турмушубузду аныкташыбыз керек» деген сөз. Биз да ушул суроону бергенибизде каржы министри «ал сырттан келген акча каражаттары. Бирок, бюджетте турбагандыктан, ал дефицит катары көрсөтүлөт» деп жооп берди. Демек, бул сырттан келип, биздин бюджетке түшө турган акча катары эсептесек болот. Биз 2018-жылы дефицитти 22 миллиард сом деп бекиттик. Бирок, толуктоо жана өзгөртүү киргизил, 22 миллиарддан дагы 5 миллиардды азайтабыз деп атат.

– Соцфонддун акчалары натыйжалуу пайдаланылбай жатканын айттыңыз. Буга кандай негиздериңизбар?

– Бүгүнкү күндө социалдык фонддун өзүнүн чогултма бөлүгү бар, жыл сайын ишкана, мекемелерден социалдык төлөмдөрдү чогултуп, андан сырткары, республикалык бюджеттен дагы 20 миллиард сомдун тегерегинде колдоо алат. Социалдык фонддун бүгүнкү пайыздык өлчөмү 27 пайыз. Бирок, ошол 27 пайызды толук кандуу төлөп берип атат жана көмүскө экономикада бул акча каражаттары жок деп айта албайбыз. Демек, биз кардиналдуу реформага барып, социалдык фонд тарабынан бир мыйзам долбоорлору сунушталышы керек. Келечекте пайыздык өлчөмдөрүн этап менен пилоттук кылып түшүрүп, көмүскөдөгү акча каражаттары ачьпжа чьпып, Соцфондго жакшы натыйжаларды берип, биздин пенсионерлердин пенсияларын көбөйткөнгө кандайдыр бир шарт түзүлмөк деген ойду айткым келди.

– Бул мыйзамды ким демилгелеши керек, өкмөтпү? Алар буга кызыкдарбы?

– Сөзсүз түрдө социалдык фонд менен өкмөт демилгелеши керек. Албетте, тобокелчиликтер бар. «Эгерде акча каражаттары тиешелүү деңгээлде топтолбой калса, пенсиялар убагында төлөнбөй калышы мүмкүн» деген дагы чочулоолор бар. Демек, бул маселеге терең анализ жасап, пилоттук жол менен ошондой кадамга барышыбыз керек. Убагында өзүңүздөр билесиздер, салык кодексинде НДС 20 пайыз болгон. Бүгүнкү күндө 10 пайызга түштү. Киреше салыгы да 10 пайызга чейин төмөндөдү. Бул өзүнүн натыйжасын бергеңжана берип жатат. Көмүскөдөгү акча каражаттары ачыкка чыгып, «кой, андан көрө салык төлөп, мыйзам чегинде жашаган туура экен» деген көз караш калыптана баштады. Ошондуктан, социалдык тармактарда дагы биз кардиналдуу кадамдарга барышыбыз керек. Ошондо пенсияларды көбөйтүүгө кандайдыр бир өбөлгөлөр түзүлмөк.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу