Улан Асанбаев Каракол ШИИБдин башчысы болуп дайындалды


Улан Кубатович Асанбаев Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 23-августта ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койду.

Шаардык милициянын жаңы жетекчиси ШИИБдин өздүк курамына тааныштырылды.
Асанбаев милициянын подполковниги, буга чейин Ысык-Көл РИИБдин башчысы болуп иштеп келген. Бул кызматка дайындалганга чейин Каракол ШИИБдин башчысынын оперативдүү иштери боюнча орун басары болуп иштеген. Андан мурун Түп РИИБдин башчысынын орун басары болгон.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу