Уланбек Эгизбаевдин «Эрдик» сыйлыгы ата-энесине тапшырылды

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган «Эрдик» медалы ата-энесине тапшырылды. Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиев аны 1-октябрда президенттин колунан алды.

«Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек бүт кыргыз элинин уулу. Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм. Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон, — деген президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин жана алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, атамекендик журналистиканын тарыхында сакталып калаарын белгиледи.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Уланбек Эгизбаевдин атасы Токтосун Калиев, апасы Жыпаркүл Сариева, ошондой эле «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова катышты. Журналисттин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга ыраазылык билдирди. «Уулубуздан айрылган алгачкы күндөрдөн тартып көңүл бөлүп, колдоп, бизди кайраттандырып келесиздер», — деп белгилешти курман болгон журналисттин ата-энеси.

«Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова жолугушууда коомдук уюмдардын демилгеси менен Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында иликтөө журналистикасы фонду түзүлгөнүн маалымдады.

«Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланганы» тууралуу расмий маалымат 30-августта жарыяланган.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу