Уланбек Эгизбаевдин жубайы уул төрөдү

Уланбек Эгизбаевдин келинчеги Сапаргүл Абдинабиева көз жарды. Ал Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде бүгүн уул төрөдү.

Дарыгерлер баланын да, эненин да абалы канааттандырарлык экенин айтышты.

«Азаттык» радиосунун алдыңкы кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев өзү быйыл июль айында Ысык-Көлдө каза болгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу