Уланбек СУЛТАНГАЗИЕВ, актёр : «Кыялымдагы кызды кезиктире элекмин»

Бул мырзанын келбети сизге тааныш. Аны көптөгөн тасма, клип, жарнамалардан көрүп келебиз. Кыздардын жүрөк оорусу болгон талант кесибинин мыкты чебери. Эмесе, Уланбек мырза менен тааныштырабыз.

– Чыгармачылыкка аралашуу баарына эле буюрбайт, сиз кандайча аралашып калдыңыз?

– Мен чоң ата, чоң эненин колунда чоңойгон баламын. Айылда өсүп, тарбия алганыма сүйүнөм. Балким, өз ата-энемдин колунда калсам таланттарым ачылбай калмак беле дейм. Манасчы Үмөттөй курагымда айыл, райондорду кыдырып Манас айтып, сүйүү эмне экенин билбей туруп сүйүү ырларын жазчумун. Чоң апам жамакчы эле, ал киши айткан макалдарды дептериме жазып алып маанисин сурап билип алчумун. Азыр оюмдан макал чыгарып, чиймелей коймой жайым бар. Кичинемде өрүк комуз алып беришкен. Черткенди билбесем да илинип турган комузумду күнүгө карап турчумун. Бир күнү аны мен жокто туугандарга берип коюшуптур. Ошондо катуу таарынып ыйлагам. Мына ошондон кийин колума комуз кармагыс болгом. Ат-Башынын кооз тоолорунун коюнунда жашап, колума калем кармаган күндөн бийик зоолорду, жашыл тоолорду тарта берчүмүн. Шыктанып отуруп орто мектепти аяктаган соң борбордогу Көркөм сүрөт академиясынын живопись бөлүмүнө тапшырдым. Экинчи кесибим сүрөтчү-коюучу. Бул кесибим менен иштеп жүрүп кыска ролдорду көп ойнодум. Мен ойногон тасманы көргөндөр моделдик агенттигине чакырып, модель болуп жарнама роликтерге тартылдым. Андан кийин клиптерге тартылып отуруп кино индустриясына кирип кеттим. Алгачкы ролум 2008-жылы тартылган «Кандуу сүйүү» тасмасындагы Азаматтын образы болгон. Моделдик кесип аркылуу туура басуу, отуруу, мимика, дегеле майда-барат нерселерге чейин үйрөндүм.

– Демек, актёрлук билимиңиз жок турбайбы?

– Ооба, бирок мен өзгөчө сезимтал адаммын. Ар бир сөзгө маани берип, жүрөгүмө жакын алып таасирленем. Ошол себептен кандай роль болбосун ал каармандын образында жашап кете алам. Ыйлачу жерде ботодой боздоп, күлчү жерде күлүү мага кыйынчылык туудурбайт.

– Кандай образ жаратууну кыялданасыз?

– Бетимдин түзүлүшү бардык түрдөгү адамдардын образын ачууга дал келет. Мага көбүнчө бизнесмендин ролун сунушташат. Өзүмө терс каармандын татаал образын аткарган жагат. Психологиялык жактан оор селсаяк, оорукчан, аракечтин ролуна сунуш түшсө баш тартмак эмесмин. Ролду ачып берүү үчүн ал адамдын психологиясы кандай болорун изилдеп, бомж болсо селсаяктар менен чогуу жашап, майып болсо арабага түшүп көчөгө чыгып көрмөкмүн. Бирок азыр мага ырахат алчу деңгээлдеги ролго сунуш түшө элек. Ушуга чейин баш-аягы он бештей киного тартылыптырмын. Андагы образдарым өзүмө жакпайт.

– Бардык эле клип, тасмаларга тартыла бересизби же салмагына да карайсызбы?

– Менимче, артист ролду эмес, роль актёрду тандоосу керек. Өз ишин мыкты билген адамды эч ким коё бергиси келбейт, ага тынымсыз сунуш түшө берет. Көңүлүн оорутуп албайын деп бир да ирет ролдон баш тарткан эмесмин. Бирок уяттуу эпизоддорго эч качан тартылбайм.

– «Талантты таптап туруу керек» дешет, сиз талантыңызга кандай кам көрөсүз?

– Тасмаларга үзгүлтүксүз тартыла берүү улам күчтөнүп, өзүңө талап коюп иштөөңө шарт түзөт. Чет элдик такшалган актёрлордун тасмаларын көрүп, аларды туурайм. Кээде жалгыз эмес экенимди унутуп калып образга кирип кетмейим бар. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп кетем, бул мени тааныбагандарды таң калтырышы мүмкүн.

– Сизди көбү сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморовго окшоштурушат экен.

– Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө негедир шляпа кийгим келип кийип алдым. Мурутум да бар эле. Бир күнү филармониянын жанынан бир аксакал мени көрүп токтой калды: «Ай, жигит, атың ким? Кайда окуйсуң?» — деп, сүрөтчү экенимди айтсам, ого бетер толкунданып көзүнөн жаш агып кетти. Көрсө, ал киши Сүймөнкул Чокморов атабыздын замандашы экен. Окшоштура беришкенинен кийин Чокморов тууралуу окуп, тереңирээк билдим. Анан анын адамдык бийиктигин, тазалыгын сыйлаганым үчүн мени ал инсанга окшоштурган шляпаны чечкем. Сүрөтчүлүк, актёрлук талантымды жана көп ооруганымды окшоштурушса керек. Бир чети улуу адамга окшоштурушканына кубансам, бир чети анын көчүрмөсү катары карашпаса дейм.

– Чыгармачылыктан тапканыңызга канааттанасызбы?

– Актёрлук кесибим менен көп каражат таба албайм. Дизайнер, сүрөтчүлүк ишим мага акча алып келет. Ары көкүрөгүм сүрөт тартканда тазаланат. Негизгиси мени дүнүйө кызыктырбайт. Улуттун көйгөйү, кыргыз элинин келечеги жан дүйнөмдү оорутат. Кыргыздардан эч нерсе албай мекениме салым кошсом дейм. Эгерде депутат болсом маянасыз иштемекмин.

– Апаңыздын колун узартып качан келинчек алып барасыз?

– Жашым 33кө келди. Бирок кыялымдагы кызды али жолуктура элекмин. Издеп жүрүп чарчап да калдым. Мен аны, ал мени сезип, бир күнү «жарк» этип алдымдан чыгып калар күндү күтүп келем. Аябай баласаакмын, көп балалуу болгум келет. Келечектеги келинчегимде мен үчүн эң маанилүү болгон абийир менен ыйман болсо, калган сапаттар алар менен чогуу жашайт деп ойлойм. Кандай кесипти аркаласа да мейли, үйдө отуруп калбай өзүн өнүктүрө жүрсө дейм.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу