“Уламыштар” көркөм тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү.

23-мартта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө “Уламыштар” көркөм тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү.

Тасманын башкы продюсери Саматбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстандын туризмин жарнамалай турган тасманы тартууну чет өлкөгө барганда Кыргызстандык жаштар сунушташкан. Тасма  тартууга жалпысынан 15-20 миллион каражат сарпталган.

Тасманын сценарийинин автору, аткаруучу продюсери Чыңгыз Исмаилов тасма тууралуу буларга токтолду:

— Тасма тартуу идеясы 2015-жылы пайда болгон. Бул жылы мен курактуу балдар менен Кыргызстандын кооз жерин кыдырып чыкканбыз. Ошондо менде мындай идея пайда болдуөз жеринде жашап, айылдан же шаардан чыкпаса, кооз жерлерди билбеген жаштар көп болсо керек. Мындан улам сценарийди жазуу идеясы оюма келген.  Актёрлорду тандаганда кыйынчылыктар пайда болду. 3 этаптын негизинде актерлорду тандап алдык. Жаңыдан тасмага тартылганына карабай өздөрүнө берилген образды жеткире аткара алышты. Фильмдин сценарийин жазууда манасчылар, жергиликтүү тургундар менен кеңешип, уламыштарды терең изилдедик. Уламыш жомок сыяктуу болгондуктан, эл оозунда көп айтылган уламыштарды фильмге тартууну эп көрдүк.

Ошондой эле тасмада башкы ролду аткарган Адилет Усубалиев кыргыз киносунун өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн “Киноматографиянын отличниги” медалы менен сыйланды. Андан сырткары “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек  Ибраев тасманын башкы өнөктөштөрү Чолпонбек Акматовго, “Шоро” компаниясына жана “Саякат Туризм” компаниясына ыраазычылык каттарын тапшырды.

“Уламыштар” көркөм тасмасы Кыргызстандын ажайып кооз жерлерине байланыштуу уламыштарды чагылдырат.

Булак: АРГУМЕНТ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу