Уктап жатып сүйлөйсүзбү?

Кээ бирөөлөрдүн уктап жатып сүйлөгөн адаты бар. Ал эмнени билдирет, себеби эмне? Статистика боюнча, ар бир жыйырманчы адам түшүндө сүйлөйт, ал эми балдардын ар бир экинчиси уктап жатып сүйлөгөндү жактырат.

Сомнилоквия (түшүндө сүйлөө) ата-энеден берилет деп саналат. Бирок окумуштуулар түшкөрүп жатып сүйлөгөн күндүз өткөргөн стресс менен байланыштуу дешет. Тактап айтканда, адамдын күндүзгү маанайы (бир нерсеге тынчсызданса, катуу кубанса же ыйласа ж.б.), иш-аракеттери менен түздөн-түз байланыштуу.

Күндүз чоң психологиялык күч алган адам, уктаганда мээнин сүйлөгөнгө жооптуу катмарындагы борборлор ойгонот да тил «ишке кошулат».

Адам көбүнчө жай, терең эмес уйкуда сүйлөйт. Ал кезде сөздөр үзүк-үзүк, түшүнүксүз болот. Ал эми түш көрүп жатып сүйлөсө сөздөрү так чыгат.

Мунун баардыгы коркунучтуу көрүнгөнү менен уктап жатып сүйлөгөн оору деп саналбайт.

Түндө сүйлөгөндү болтурбоо үчүн…

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу