Украин шайлоосу: мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуу түштү

Украинанын убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди.

Ички иштер министрлиги президенттик шайлоонун биринчи турундагыдай эле чек арадан өткөн крымдыктарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Украинадагы шайлоого катышкан-катышпаганын, кайсы добушканада болуп, тандоосун кимге жасаганын сурап жатат.

Президенттик шайлоо боюнча улуттук экзитполлдун маалыматы добушканалар жабылганда, саат 20:00дө жарыяланат. Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасап жатат. Алар шайлоо бекетинен чыккандар арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.

Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта болуп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.

Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.

Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында дээрлик өткөрүлгөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

 Facebook аркылуу кирүү ВКонтакте аркылуу кирүү Mail.ru аркылуу кирүү Мурунку жаңылык Белгилүү сүрөтчү Монир Фарманфарманиан дүйнө салды

Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

 Facebook аркылуу кирүү ВКонтакте аркылуу кирүү Mail.ru аркылуу кирүү Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!

Эң көп окулгандар  168581  3 Сырдуу жүк Раиса Атамбаева менен Албек Ибраимовго таандык

 122583  0 Адахан Мадумаров жаңы кызматка келеби?

 111968  0 Бишкекте жерди трансформациялоо талабы менен митинг өтүп жатат

 110901  3 Эрнис Кыязов, журналист: «Жапаровду, видеокамерасы бар бөлмөгө камадык дешти эле, эми тастыктоочу видео-далилдерди эми көрсөтүшөөр бекен»

 109094  0 Бекболот Талгарбеков: «Атамбаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу