УКМК Шадиевге экинчи кылмыш ишин козгоду

2018-жылдын 25-июнунда Башкы прокуротурасы тарабынан депутат Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча экинчи кылмыш иши козголду.

Шадиевге буга чейин “Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты берүүгө бөлүнгөн 30 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү бюджеттик акча каражатын туура эмес пайдаланган” деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту, 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып тагылып, Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

УКМКнын маалыматына таянсак, 27-апрель күнү Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына сөөк коюу зыйнатына барып, андан ары Лейлек районуна караштуу Арка айылы аркылуу Тажикстан Республикасы тарапка суу кечип, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. 28-апрелде Шадиев жергиликтүү саат 18:20да «Худжант-Москва» (Домодедово) багытындагы аба каттамы боюнча, дипломатиялык паспортун колдонуп учуп кеткен, ал жактан андан ары АКШ Нью-Йорк шаарына чыгып кеткен

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу