УКМК тергөөчүсү Сапар Исаковду опузалап жатат

«Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөөчүсү опузалап жатат» деп анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирип чыкты.

Адвокаттын айтымында, Исаков менен кечээ жолукканда ал учурда УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болуп жатканын айтып берген. 13-июлда тергөөчү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүндө атайын кызматтын Илим аттуу кызматкери Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуштаган.

— Эгер андай болбосо Сапар Исаковго карата «Викиликс» сайтындагы жарыяланды деген маалыматтар боюнча кылмыш иши козголорун айтып, коркуткан. Исаков мындай сунуштан баш тартып, мага бул маалыматты коомчулукка жарыялоону тапшырды, — деди Токтакунов.

Жактоочу мындан ары да бул иш тууралуу коомчулукту кабардар кыла берин кошумчалады.

Адвокаттын бул билдирүүсүнө УКМК азырынча жооп кайтара элек.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 5-июнда камакка алынган эле деп билдирет Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу