УКМК: Тарых музейинде 118 миллиондон ашык сом мыйзамсыз коротулган

Улуттук Тарых музейинин курулушунда 118 миллиондон ашык сом мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожонов бүгүн, 14-сентябрда парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Турак жай, жарандык курулуш департаментинин кызматтык адамдары мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарынын талаптарын бузуп, 2017-жылдын 15-майында «СМУ-3» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) менен 690 миллион 500 миң сомго музейди ремонт жасоого келишим түзүшкөн:

— Былтыр майда түзүлгөн келишим боюнча бул ЖЧКга музейдин курулушун монтаждоо милдети гана жүктөлгөн. Ага карабай, ошол жылы июнда бул ишкана эч кандай негизсиз Германиянын «Райер» фирмасы менен 8 миллиондон ашык еврого музейге жабдууларды алып келип, орноштурууга келишим түзгөн. Чет элдик фирма керектүү экспонаттар менен жабдыктардын тизмесин өзү түзүп, натыйжада музейдин концепциясына ылайык келбеген жалпы 55 миллион 593 миң сомго экспонат жана кафетерийдин жабдыктарын алып келген. Мындан тышкары келишим евро валютасы менен түзүлгөн. Евронун курсу өскөндүктөн, ортодогу айырма 42 миллион сомдон ашкан. Эсеп палатасынын аудитине ылайык, аткарылган иштердин көлөмү 20 миллиондон ашык сомго жогорулатылганы аныкталган. Жыйынтыктап айтканда, департаменттин кызмат адамдары менен «СМУ-3» ЖЧКсынын мыйзамсыз аракеттеринен 118 миллион 215 миң 200 сом мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган.

Кожонов кошумчалагандай, бул фактылар боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 189, 304, 306,308,221-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоп, тергөө УКМКга тапшырылган. Эсеп палатасынын аудити аяктай элек. Ал аяктагандан кийин тиешелүү экспертизалар дайындалат. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Улуттук Тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу жаңы жагдайлар быйыл май айында ачыкка чыккан.

«Ата Мекен» фракциясы 25-майда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

28-майда УКМК музейди реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзө баштаганын билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу