УКМК Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгын текшерет

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун орус жарандыгы бар» деген маалыматтардын чын-төгүнүн териштирет. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыка» билдирди:

— Бул маалымат боюнча сөзсүз түрдө текшерүү иштери жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин маалымат берилет.

Сарыбашовдун орус жарандыгы тууралуу маалымат буга чейин Интернетте тараган. Парламенттин бүгүнкү, 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина да анын кош жарандыгын текшерип чыгууну сунуш кылган.

Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «мэр Орусиянын жарандыгын алган эмес» деп билдирген.

Таалайбек Сарыбашов быйыл 18-июлда Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган.

Ага чейин 2012-жылдын декабрынан тартып өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу