УКМК мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду бошотууну чечишти

Тийешелүү сунушту ЖАМК Ленин райондук сотуна жолдоду

ЖАМК сотко УКМК мурунку төрагасы Мурат Суталиновду камактан бошотуу тууралуу сунушту сотко жөнөттү. Бул туурасында бүгүн маалымат жыйынында жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирди.
Анын сөзү боюнча, Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткен.

«Мурат Суталинов азыр кезектеги химиотерапия курсун алып жатат, ал атайын комиссиядан өттү. Анын жыйынтыгында ал жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотула тургандардын категориясына кирет, — деп түшүндүрдү Дүйшөмбиев. — Анын бошотулушу тууралуу сунуш Ленин райондук сотуна жиберилди. Процесс жакында болот».
Эске сала кетели, улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин мурунку башчысынын оң бөйрөгүн рак деген диагноз менен сот процессинин алгачкы эле стадияларында алып салышкан.

Мурат суталинов 2010-жылкы чын курандын жетисиндеги окуяга байланыштуу соттолгон. Аны 20 жылга эркинен ажыратышкан болчу.

Булак: Вести 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу