УКМК: Илмияновго издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын ырастады. Бул тууралуу аталган комитет атайын билдирүү таратты.

Анда Илмияновдун 2018-жылы июнь айында өлкөдөн чыгып кеткени боюнча учурда кайда жүргөнү белгисиз экени айтылат. Улуттук коопсуздук комитети учурда ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарганын жарыялаган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Өзү мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу