УКМК: Жаштарды экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-августта бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынып, КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүргөн жигердүү үгүттөөчүлөрдүн бири жана экстремисттик уюмдун лидери, Кыргызстандын Х.М. аттуу жараны кармалганын кабарлады.

Кармалган жаран чет элдик экстремисттик борборлордун тапшырмаларын аткаруу менен Кыргызстандын областтарынын биринде жаштар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, радикалдуу идеологияны таратып, жашыруун топ түзүп баштаган.

Учурда ал экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар экенин мойнуна алып, козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу камак жайына киргизилди.

Расмий маалыматтар боюнча Ирак жана Сириянын согуштук аракеттерине кыргызстандык 500дөй жаран катышууда. Экстремизм жана терроризм үчүн 185 киши өлкө абактарында жазасын өтөөдө.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу