УКМК: «Депутат Артыкбаев камакка алынды»

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Артыкбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштин негизинде кармалып, тергөө аягына чыкканга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

«5-июнда башкы прокурор парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу