УКМК Аскарбек Шадиевдин АКШда экенин аныктады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдинкайда экенин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткен.

«Аскарбек Шадиев 27-май күнү Исфана шаарында жакынын жерге берүүгө катышып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз (суу кечип) өткөн. Анын жакын туугандары дарыланууга кеткенин айтышууда. Бирок, тергөө органдарына кайрылбагандыгы үчүн издөө жарыяланды«,- деп жазылган билдирүүдө.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге «2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн» деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Кечээ, 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.

БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу