УКМК активист М.Аскарбековго кылмыш ишин козгоду

УКМК активист Мавлян Аскарбековго карата кылмыш иш козгоду.
Комитеттин маалыматтына караганда, 20-июлда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы, Коомдук ачык билдирүүлөр боюнча соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунун негизинде активистке карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыруу) менен кылмыш иш козгоду.
10-августта М.Аскарбеков УКМКга суракка чакыртылды.

Булак: Турмуш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу