УКМКны көзөмөлдөгүсү келгендер чет элдик донорлордун берген ири каражатын актагысы келеби?

 Ушул жылдын 22-июнунда борбор калаабыздын сыртындагы Кой-Таш айылындагы “Жаннат Резорт” мейманканасында Кыргызстандын атайын кызматынын ишмердүүлүгүнүн үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн атайын жаңы парламенттик комитет түзүүнү демилгелеген ЖК депутаттары И. Масалиев, Н. Никитенколор жана ОБСЕнин өкүлдөрүнүн биргелешкен уюштуруусунда тегерек стол болуп өттү. Анда дал ошол атайын кызматтын ишин көзөмөлгө алуу үчүн парламенттик комитет түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Тегерек столго аталган мыйзам долбоорун жылдырууга кызыкдар болгон айрым ЖК депутаттары – Ж. Бакчиев, А. Касымалиева жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү — Р. Карасартова, Д. Ошурахунова, Г. Журабаева, Б. Макенбаева, Н. Токтакунов, А. Алымбаевалар чакырылганын көрдүк. Бул аттары аталган бейөкмөтчүлөр “жарандык коомчулуктун атынан сүйлөп атабыз” дегенди адатка айландырып алышканын эң сонун билет эмеспизби. Андыктан алар бул ирет дагы мамлекеттин коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнүн үстүнөн, дагы тагыраак айтсак УКМКнын үстүнөн парламенттик көзөмөл кылуу үчүн атайын комитет түзүү муктаждыгы жаралды дегенди адаттарынча “жарандык коомдун” атынан сүйлөштү. Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан чакырылгандардын катарына мамлекеттик ведомстволордон бирден гана өкүл киргизилген. Муну алар “мыйзам долбоорун коомчулук менен талкуулап жатабыз” деген көрүнүштү түзүү үчүн гана жасашканы билинип калды. Ал эми коопсуздук маселелери боюнча башка эксперттердин катышууну каалагандары тууралуу кайрылууларынан баш тартышкан, “Тизме өтө чоң болуп атат” деген шылтоо менен. Бирок, тегерек столдун жүрүшүндө мейманканын конференц-залында дагы бир топ орундар бош эле калганын айтып коюу керек. Ошол тегерек столго чакырылбай калган белгилүү саясат таануучулар жана эксперттердин айтымында ЖК депутаттары И. Масалиев, Н. Никитенко жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын атайын кызматынын үстүнөн парламенттик көзөмөл жүргүзүү идеясын КР Конституциясынын 74-беренесинин 8-пункту менен шайкеш келбей тургандыгына карабастан жылдырып атышат. Ошондой эле, мыйзам чыгаруучу орган мыйзам гана чыгаруу менен алектениши керек, көзөмөл менен эмес. Мына ушундан улам кызыкдар болгон тараптар өз өлкөсүнүн мыйзамдарын эң сонун билип туруп эле чет элдик донорлордон алынган ири суммадагы каражатты актоо аракетин жасап атышканын баамдоого болот. Ал чет элдик донорлордун максаты – Кыргызстандын атайын кызматынын ишин алсыздантуу, анан андан ары мамлекеттин ичиндеги кырдаалдарга таасир этүү менен өздөрүнө ыңгайлуу саясатты жүргүзүү болуп саналат. Ошондон улам алар бул мыйзам долбоорун жүзөгө ашырууну көздөшүүдө. Эгерде ал жүзөгө ашып кетсе, анда мамлекетибиздин коопсуздугуна, атайын кызматтын ишмердүүлүгүнө кайра калыбына келгис зыян болот. Алтургай мамлекеттүүлүктүн жок болуп кетүүсүнө да алып барышы мүмкүн. Белгилей кете турган жагдай, чет элдик донорлор үчүн (өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн) Кыргызстан өздөрүнүн корпоративдик кызыкчылыктары үчүн майдан талаасы катары пайдаланылып келет. Эгерде алардын мындай кызыкчылары Кыргызстанда жүзөгө ашса, андан кийин Борбор Азиянын башка республикаларына чап салууну көздөшөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу