УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп Орозбек Опумбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Опумбаев буга чейин УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеп, өкмөттүн аппаратында да эмгектенген.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарынын кызматы эки жылдан бери бош турган. Акыркы жолу бул кызматта Дүйшөнбек Чоткараев иштеген эле.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу