Мурдагы ички иштер министри жана УКМКнын жетекчиси Мурат Суталинов №47 колониядан Улуттук онкология жана гематология борборуна которулду. Бул тууралуу Кыйноолорду алдына алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.
Буга чейин Мурат Суталиновдун ден-соолугу кескин начарлаганынан улам, аталган борбордун дарыгерлери абакка барып, анын ден-соолугун текшергендиги айтылган.
Эске салсак, М. Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде болгон Ак үйдүн алдындагы кан төгүү боюнча айыпталып, 8,5 жылдан бери түрмөдө жатат.