УКМКнын мурдагы башчысына издөө жарыяланды

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде сотко чейинки тергөө иштерин жасап жатат. Ал Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселеге байланышкан.

«Аталган иликтөө иштеринин алкагында учурда кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгон ошол кездеги Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө жана иликтөө боюнча тиешелүү иштер жасалууда.

Бусурманкулов 2006-жылы жана 2013-2015-жылдар арасында УКМКнын жетекчиси болуп да иштеген.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу