Уйкуңуз канбаган күндөрү сергек жүрүш үчүн…

Уйкубуз канбай калган күндөрү эс-мас болуп, денебизди оор бир нерсе басып тургандай сезимде болобуз. Бирок уйку канбаса да, денени сергек кылуунун жолдору бар.

Муздак суу менен жууну. Бул ыкма уйкуну ачууга, кан айланууну жакшыртууга жардам берет. эгер толук жуунуга мүмкүндүк болбосо, бутту муздак сууга салып, жыпар жыттуу самын менен жууңуз.

Суюктукту көп ичиңиз. Газы жок минералдуу суу менен табигый жер-жемиштердин ширелери жакшы жардам берет. Эгер жер-жемиштен өз колуңуз менен суусундук жасап ичсеңиз, эң жакшы жолу болот. Чоң стаканга суу толтуруп, ар бир 10 мүнөт сайын 2-3 жутум суу ичип туруңуз. Суу таза, кошулмасы жок болуш керек.

Эртең мененки тамак. Уйкуңуз канбай, ордуңуздан сүйрөлүп тургандан кийин, күнү бою сергек жүрүш үчүн эртең мененки тамакты жакшылап ичип алыңыз. Сүт кошулган буламык, жер-жемиштен жеңиз. Бирок тоюп жебеңиз. Эгер катуу тоюп жеп алган болсоңуз, кайрадан төшөккө кулагыңыз келип калат.

Таза абада жөө басыңыз. Таза абада сейилдеген барынан жакшы. Жөө басып, таза абадан терең дем алыңыз. Бир нече ирет көнүгүү жасап да жиберсеңиз, ашыкча болбойт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу