Уйкусуздукка себеп кылган факторлор

Эгерде организм керектүү уйкуну ала албаса, анда адам эс алгандай болбой, мас адам сыяктуу жүрө берет. Уйкусуздукту пайда кылган факторлор менен бөлүшөбүз.

Тамеки чегүү эң алгачкы уйкусуздукка кабыл кылган факторлордун бири. Себеби, анын курамында никотин бар.

Курамында шекер көп жана кызартылып куурулган эттерди көп өлчөмдө колдонуу дагы адамдардагы уйкусуздукту пайда кылат.

Өнөкөткө айланган чарчагандык. Эгерде адам убагында эс албай, тынбай иштей берсе дагы организм убагында эс албай, уйкусуздукка кабылат.

Түн ичинде көпчүлүк убактысын гаджет жана техниканын алдында өткөргөн адамдар дагы, эртең менен убакты саатында тура албай, кыйналып, уйкусуздукка учурайт.

Мезгилге дагы байланыштуу. Мисалга, күз айы келип, күндүн көзү аз көрүнгөн учурда, адамдарда витамин жетишпей, алсырап, уйкусуздукка кабылат.

Социалдык жашоодо “стресске кабылганда” дагы, ораганизм уйкусуздукка учурайт. Ошондуктан, колдон келсе стресске кабылууда узак болуңуз.

Адамдын организминде В12 витамини абдан керектүү витаминдердин катарын толуктайт. Эгерде, организмде төмөнкү витамин жетишсиз болсо, анда кандын түзүмү өзгөрүп, нерв системасы бузула баштайт. Андан улам адамды уйкусуздук каптайт.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу